Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Кыйчалыш чечилген кыргыз-казак чек арасы


"Ак Жол" чек ара бекети.
"Ак Жол" чек ара бекети.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча келишимди кароону кийинкиге калтырды.

Буга чек араны белгилөө иштеринин толук бүтө электиги негиз болду. Ошол эле кезде кыргыз-казак чек арасы такталып бүткөндөн кийин да эки ортодо үч чек ара тилкеси боюнча маселе бар экени, андан башка Чүй дарыясынын нугунан чыгышынан улам келип чыккан жагдайды жөнгө салуу зарылдыгы белгиленди.

Тактоо ишинин таржымалы

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын аныктоо иштери 1999-жылы башталып, 2001-жылы аягына чыккан. Чек араны аныктоо боюнча келишимге эки мамлекеттин башчылары кол коюп, аны 2008-жылы эки тараптын парламенттери ратификациядан өткөргөн. Андан соң мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери башталган. Өкмөттүн чек араны тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров чек ара мамыларын орнотуп, чек араны белгилөө иштери элүү пайызга аткарылганын билдирди.

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев буга байланыштуу келишимди кароо кийинкиге жылдырылганын билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Анткени комитеттин өткөндөгү жыйынында демаркациялоо иштери 100 пайызга бүткөндөн кийин ошол келишимди караш керек экени чечилген экен. Ошого байланыштуу азыр аталган иштердин элүү пайызы гана аткарылганы үчүн ал аягына чыккандан кийин гана маселени комитетте кароого киришүү боюнча сунуш келип түштү. Жумуштун элүү пайызга чейин аткарылганы да чоң иш. Бирок биз бул келишимди толугу менен карап чыгыш үчүн демаркациялоо иштери 100 пайызга аткарылгандан кийин гана анын ар бир жагдайын талкуулап, жыйынтык чыгарышыбыз абзел.

Ошол эле кезде кыргыз-казак чек ара сызыгын тактоо иштери бүткөндөн кийин да үч чек ара тилкеси боюнча маселе бар экени белгиленди.
Депутаттарды 2001-жылдагы келишим боюнча Бишкек-Балыкчы жолунун Дунларов көпүрөсү турган тилкесинин жана Кеминдин Кара-Булак айылы пайдаланган көрүстөндүн Казакстанга таандык болгон жагдайы кызыктырды.

Өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров көрүстөндүн көйгөйү жер алмашуу менен чечилгенин, бирок чек ара сызыгына кирип кеткен жолдун маселеси чечилбей калганын билдирди:

Кеминдин Кара-Булак айылындагы көрүстөн Казакстанга таандык болуп калган. Кийин биз аны башка бир кайракы жерге алмаштырып, кайра Кыргызстандын аймагына киргиздик.

- Биз учурунда Казакстан тарапка кайрылып, "ошол жол кирип кеткен чек ара тилкесин бизге калтырсаңар жакшы болот эле" деген өтүнүч жибергенде, ал жак бул маселе чечилип калганын жана кезинде эки мамлекеттин парламенттери аны ратификациядан өткөргөнүн жүйө келтирди. "Ага 2001-жылы кол коюлуп калгандыктан эми аны артка кайтарууга болбойт" деген негизде калтырылды. Анан Кеминдин Кара-Булак айылындагы көрүстөн делимитация иштеринин материалдары боюнча Казакстанга таандык болуп калган. Кийин аталган айылдын тургундары бизге кайрылып, аны кайтарууну талап кылышкан. Биз аны башка бир кайракы жерге алмаштырып, кайра Кыргызстандын аймагына киргиздик.

Ийгиликсиз жер алмашуу

Бишкек-Балыкчы жолунун Казакстанга кирип кеткен чек ара тилкеси боюнча маселе чечилбей, чек ара мамылары орнотулса, анда ал жолдон өтүү түйшүк жаратышы мүмкүн экени айтылды. Бул үчүн тилкенин транзит макамын аныктоо же айланма жол куруу маселеси келип чыгары сөз болду.

Мындан сырткары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын аныктоо учурунда чечилбей калган маселелердин үчүнчүсү - бул Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылындагы "шынаадан" улам, жергиликтүү калк жайыттарына Казакстан аркылуу өтүп жатканы белгиленди. Бул маселени да эки жактуу жер алмаштыруу аркылуу чечүү боюнча бир нече сүйлөшүүлөр болуп, бирок ал ишке ашпай калганы айтылды.

Өкмөттүн ыйгарым өкүлү Курбанбай Искандаров анын чоо-жайын мындайчу түшүндүрдү:

Курбанбай Искандаров.
Курбанбай Искандаров.

- Буга чейин "биз өзүбүздүн жайыттарга 15-20 чакырым айланып өтүп жатабыз, жер алмашуу менен болсо да чечип бергиле" деген кайрылуу келип түшкөн эле. Жерлерди алмашуу жолун ошол айылдын жергиликтүү тургундары өздөрү сунуш кылып, чийилген. Бул маселе Токмок шаарында Чүй облусунун, Талас облусунун жана Казакстандын Жамбыл облусунун жетекчилеринин жолугушуусунда чечилген. Бирок кийин аталган алмашуу үчүн берилген жер тилкеси андагы үлүшкө берилген жер аянттарына кирип кете турганы айтылып, кийин жетишилген макулдашуудан баш тартылган болчу. Азыр бул жер 2001-жылы макулдашылган абалда кайра калып кеткен.

Мындан сырткары сайдан таш менен шагылды чыгарып кетүүнүн кесепетинен Чүй дарыясынын нугу өзгөрүп, суу аркылуу өткөн чек ара сызыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев дарыянын нугунун өзгөрүшү чек ара сызыгына таасир этпей турганын айтып, жээктерди бекемдөө иштери улантылып жатканын билдирди:

- Чүй дарыясы өзүнүн нугун өзгөртсө да андагы чек ара сызыгы өзгөрбөйт. Андагы өткөн чек ара сызыгынын координаттары кала берет. Ошон үчүн "суунун нугу менен кошо чек ара сызыгы да жылды" деген туура эмес. Анан албетте, бизде азыр жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кошо жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча келишим тууралуу мыйзам долбоору буга чейин биринчи окуудан каралып, талкууга алынган. "Регламент жөнүндө" мыйзам боюнча, бул мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, андан соң үчүнчү окуу менен ратификациядан өткөрүлөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG