Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Баткендеги Ворух тажик анклавын айланып өткөн Ак-Сай - Тамдык жолун салуу чек арадагы чыңалуунун негизи бойдон турат.

2008-жылы кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн Ворух тажик анклавын аралап өткөн жолдон баш тартып, айланма жол курууга макулдашкан. Бирок тажик тарап кийин позициясын өзгөртүп, бул үчүн Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырган коридор берүүнү талап кылган. Кыргыз өкмөтү бул талапты четке кагып, «айланма жол курула турган аймак Кыргызстанга караштуу» деген негизде Аксай-Тамдык жолун курууну баштап, бирок анын курулушу бир нече ирет токтотулуп, үзгүлтүккө учураган.

14-мартта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө "Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык" жолунун курулушу өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди бузуу менен башталган" деп айтылат.

Чек араны делимитацияло жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын атын атабаган мурдагы мүчөсү Тажикстан чыр чыккан жерди өз аймагы деп тааный турганын айтты. "1924-1927-жылдардагы эл аралык мааниде таанылган документке ылайык, кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер Тажикстандын аймагы деп саналат" - деди тажик аткаминери.

Жоболоңдуу жол курулушу

Өткөн алты жылда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонууга чейин жеткен ондон ашуун чек ара чатагы чыккан. Анын баары Ворух тажик анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу.

Жаңы чек ара чатагы да буга чейин токтоп калган Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолун курууну калыбына келтирүү боюнча кыргыз тараптын аракетинен улам чыкканы белгиленди.

Тажикстандын чек ара мекемеси чатактын чыгышы үчүн кыргыз тарапты айыптап, анын жол курууну бир тараптуу баштап жибергенин негизги себеп катары билдирди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы анклавдагы тажик жарандары жолдун курулушуна каршы чыгып, таш ыргытканы чатактын ырбашына себеп болгонун жүйө келтирди.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров Көк-Таш – Аксай - Тамдык жолу салынып жаткан тилке Кыргызстанга караштуу экенин билдирди:

Курбанбай Искандаров.
Курбанбай Искандаров.

- Биздин жолчулар жол салып жаткан аймак талаштуу чек ара тилкелерине кирбейт. Анткени СССР таркагандан кийин түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча ошол кездеги чек ара сызыктары өзгөрүүсүз калып, мамлекеттик чек ара катары таанылган. Ага биздин президенттер кол коюп, эки тараптын парламенттери бекиткен. Эки тараптуу чек ара делимитациясы бүтө элек. Ошондуктан эл аралык укуктук ченемдер боюнча да кыргыз тарап өзүнүн аймагы катары ал жерде жол курулушун жүргүзүүгө толук укуктуу. Ошол СССР учурунда бекитилген чек ара сызыгына ылайык, азыр жол салынып жаткан жер тилкелери Кыргызстандын аймагы. Ал жер эч качан Тажикстанга караган эмес. Аны талаштуу чек ара тилкеси деп атоо туура эмес.

Тажик тараптын койгон шарты

Баткендеги узундугу 25 чакырым Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолунун курулушу 2013-жылы башталып, бирок тажик тараптын каршылыгынан улам 2014-жылы үч сыйра үзгүлтүккө учураган. Тажик бийлиги башында бул жол курулушуна макул болуп, бирок кийин ал «Кыргызстан бул үчүн Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырган жол курууга уруксат бериши керек» деген шарт койгон. Бирок кыргыз тарап аны четке каккан. Кыргызстандын ички аймагында жайгашкан Ворух тажик анклавын айланып өткөн бул жол Кыргызстандын Баткен облусунун айылдарын өз ара байланыштырмак.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кезинде бул жолдун курулушун кайрадан улантуу жөнүндө чечим кабыл алууга жетишилген жагдайды белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- 2015-жылы бул жолдун курулушун кайра калыбына келтирүүнүн астында Тажикстандын вице-премьер-министри Алимордон, тажик президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хайруллаев деген мырзалар менен бир пикирге келген майнаптуу жолугушууларды өткөргөнбүз. Анда «Көк-Таш айылынан жолду баштап, андан ары силер ары жагынан өтөсүңөр, бизге бул жагынан Тамдыкка карай жайлоолорго чыгууга мүмкүнчүлүк бересиңер» деп макулдашкан элек. Ошентип бир чечимге келип, жолдун курулушун уланта баштаган болчубуз. Анан эле биз кызматтан кеткенден кийин эмнеге кийин жол токтоп калганын түшүнбөй калдым. Негизи бул жол курулушун ошондо эле аягына чыгарып, маселени ошондо эле чечип коюшса болмок. Тажик тарап деле бул жолду биз баары бир кура турганыбызды, ал жол биздин өзүбүздүн аймак аркылуу өтөрүн билет. Анан эмнеге эле алар кайра каршы чыгып жатканы кызык. Бирок биз тарап саясий эркин көргөзүп, учурунда алар макул болгондо эле маселени маалкатып, кечеңдетпей жолдун курулушун бүтүрүп салса болмок.

Максатына жетпеген макулдашуу

Кыргыз тарап Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолу боюнча мурда жетишилген макулдашуунун шарттарын аткарууну тажик өкмөтүнөн талап кылды. Анткени 2008-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана 2009-жылы коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда Көк-Таш – Аксай - Тамдык жолун куруу жана биргелешип пайдалануу боюнча чечим кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров түзүлгөн макулдашуунун шарттары кандай болгонун айтып берди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Ал учурда Тажикстандын анклавын айланып өтүп, өзүбүздүн аймак аркылуу жол салуу маселеси саясий деңгээлде толук чечилген болчу. Биздин макулдашуунун шарттары төмөндөгүдөй болчу: биз тажик тарапка электр энергиясын биздин аймак аркылуу алып өтүүгө макулдук беребиз. Алар болсо бул жолду курууга макулдук бериши керек болчу. Ошентип эки тарап келишип, аябай жакшы макулдашууга жетишкенбиз. Бирок жетишилген макулдашуу кийин эмнеге аткарылбай калганы мага түшүнүксүз. Себеби мен Коопсуздук кеңешинде бир жылдай эле турдум. Негизи кийин бийликке келгендер улам ошол макулдашуунун шарттарын аткарууну тажик тараптан талап кылып, ишти илгерилетиши керек эле. Бирок кийин биз тараптан андай аракеттер болгонун байкаган жокмун.

Тожикондун талабы, тоскоолдуктун себептери

Бирок тажик тарап талаштуу деген чек ара тилкелерине жол куруп, көпүрө салууга тыюу салуу боюнча макулдашуунун шарттарын да эске салууда. Кыргызстан ага карабай, айланма жолду курганда расмий Дүйшөнбү макул эмес экенин билдирген.

Антсе да кыргыз тарап биринчиден, жол салынып жаткан тилке талаштуу эмес, Кыргызстандын өз аймагы экенин, экинчиден, Тажикстан макулдашуунун шартын биринчи бузуп, Лейлектин Кулунду-Максат жолундагы эки тарап тең талаштуу деген 78 гектар жерди өз алдынча өздөштүрүп, анда суу бөлүштүргүч куруп алганын мисал келтирген. Бул жолу аталган жолдун курулушуна Ворух анклавына жакын Тожикон жаңы конушунун тургундары каршы чыгышкан. Бул жаңы конуш кандайча пайда болгонун Курбанбай Искандаров айтып берди:

- Тожикон деген биздин Ак-Сай аймагы менен Ворух тажик анклавына жакын жайгашкан жер. Бул ошо биз жол салып жаткан тилкенин башына тажиктер өз алдынча үй салып, чыгып алган аймак. Алар өзүм билемдик менен бери көздөй чыгып кетип, ал жаңы айылды «Тожикон» деп атап алышкан. Анын жогору жагында биз тажик анклавын айланып өтүүчү жол салып жатканбыз. Анан дагы ал аймакта биздин Таш-Тумшук деген айыл бар. Биз буга чейин ал тилкелерди өз ара алмашуу жолу менен болсо да чек ара маселесин жөнгө салып, чыр-чатактарды азайтуу жагын талкуулап жатканбыз.

Бир жагынан 38 миң калктуу Ворух тажик анклавы, экинчи тарабынан Тажикстандын негизги аймагы болгон 12 миңден ашуун тургуну бар Хожоало кыштагы менен курчалган Кыргызстандын Ак-Сай айылында азыр үч миңге жетпеген эл жашайт. Кыргыз тарабында жер-суу ресурстары жетиштүү болгону менен тажик анклавында табигий өсүштүн эсебинен жер тилкелерине болгон таңкыстык да чыр-чатактардын чыгышына түрткү болорун эл аралык эксперттер буга чейин эскертишкен болчу. Кыргызстандын анклавды айланып өтүүчү жол салышына каршылык тажик тараптын Ворух анклавындагы жана Хожоало аймагындагы жайыттардын жана суунун жетишсиздиги менен байланыштуу экени буга чейин эле белгилүү болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү чек арадагы чыр-чатактарды азайтыш үчүн чек ара сызыгын тактап, мамлекет аралык чек араны аныктап, бекитүү маселесин көп жылдан бери талкуулап, бирок жыйынтык чыгара албай келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG