Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

«ЖККУнун алсыздыгы чек ара чырында көрүндү»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

«Дүйшөмбү чек арадагы чырга Бишкекти айыптады» деп жазды "Независимая газета".

Орусиялык басылма «кыргыз тарап талаштуу аймакта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолун кура башташы менен эки өлкө ортосундагы макулдашууларды жокко чыгарып, чырды баштаган» деп билдирет. Макаланын автору Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети таркаткан билдирүүгө шилтеме жасаган.

Макалада «Баткен облусунун Ак-Сай айылынын жашоочулары жолдун курулушун токтотууну талап кылган тажикстандык Ворух айылынын тургундарын таш бараңга алып, Исфара-Ворух жолун тосуп алып, 61 тажик жаранын барымтага алган» деп баяндалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал тууалуу Москвадагы Стратегиялык баалоо борборунун директору Игорь Панкратенко «саясатчылар аңкайып отура берип, абалды колдон чыгарып жиберишти» деп билдирген.

Ал эми Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев «Бишкек саясий интригалар менен алек болуп, Дүйшөмбү бийликти сактап калууну эңсеп отуруп, чыр чыңалып, жергиликтүүлөрдү кара туман болуп каптады» деген.

Макалада Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу «жергиликтүү бийликтери эбактан бери криминал менен чырмалышып калган, ашынган динчилдер менен террорчу топтордун уюгу» катары сүрөттөлгөн.

«Лента. Ру» Интернет-басылмасы «кыргыз жумушчулары тажик анклавына кирип барып, эски жараатты козгошту» деп баяндайт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «улут аралык жаңжал» катары баалаган орусиялык медиа Фергана аймагындагы Ворух анклавында 30 миңдей тажик улутундагы адам жашарын белгилейт. Басылма «Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстан Советтер Союзу таркагандан бери бир нече улут жашаган Фергана аймагын бөлүшө албай келет» деп билдирет.

Ал эми «Регнум» агенттиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр бүткүл Фергана аймагын козгошу мүмкүн деп жазат. «Кыргыз-тажик тараптын чек араны такташуу боюнча жогорку деңгээлде өткөн жолугушуулары, эки тараптуу убадалары курулай көргөзмө экендиги көрүнүп калды» деп айтылат макалада.

«Регнум» агенттиги кыргызстандык саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирине таянып, кыргыз-тажик жер талаш маселесин жөнгө салууга саясий эрк менен эки тараптуу келишимдерди бекемдөөчү механизмдердин жоктугу, ошондой эле бул аймактан өтүүчү контрабандалык маршруттар тоскоол болуп жатканын белгилейт.

Агенттик Кыргызстан менен Тажикстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюму тууралуу кеп козгоп, бул аймакта жаңжалдарга себеп болуп жаткан чек араларды тактоо маселесинде уюмдун алсыздыгына басым жасайт.

Ал арада Взгляд гезити "Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кан төгүүнү токтото алабы?" деген суроону коёт.

Макалада КМШ мамлекеттери институтунда Борбор Азия боюнча адис Андрей Грозин талаштуу аймактар боюнча кыргыз-тажик макулдашуулары "эч кандай натыйжасыз, куру сөз менен өтүп келгенин" белгилейт.

Эксперт Бишкектин талаштуу жерде жол кура башташын «жетекчиликтин кадрларды дайындоо менен башкаруудагы чабалдыгы» деп баалаган.

Ошондой эле Грозин азыр Бишкек Владимир Путиндин расмий сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп, бул чек ара чырын «атайлап өлкөдөгү жагдайды жагымсыз абалда көрсөтүүгө ашыккан» кошуналарга даттануу үчүн колдонушу мүмкүн деген ою менен бөлүшкөн.

Ал эми Орусиянын Федерация кеңешинин өкүлү Олег Морозов "Москва четте карап турбастыгын, керек болсо бул чырды жөнгө салууда саясий куралдарды колдонууга туура келерин" белгилеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG