Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Өкмөт Баткендин губернатору аралашкан соттук териштирүүгө кийлигишпейт


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

Өкмөт Баткендин губернатору Абиш Халмурзаев аралашкан соттук териштирүүгө кийлигишпейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу кабарлады:

- Ал боюнча азыр сот болуп жаткан турбайбы. Бизде сот менен аткаруучу бийлик бутактары өзүнчө иштейт. Ошондуктан биз алардын ишине кийлигише албайбыз. Сот кандай чечсе, ошондой болот.

Буга чейин "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков кеңири видео иликтөө жүргүзүп, анда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевге караштуу жергиликтүү “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учураганын баяндаган. Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай келатат.

Өкмөттүн расмий сайтындагы Абиш Халмурзаевдин өмүр баяны.
Өкмөттүн расмий сайтындагы Абиш Халмурзаевдин өмүр баяны.

Баткен облусунун администрациясы Халмурзаев 2010-жылы "Дан" ишканасынан кеткенин айтып чыккан, бирок өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык Халмурзаев аталган кызматты 2012-жылга чейин аркалап тургандыгы жазылган. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү расмий сайттагы маалымат чындыкка туура келерин айтты. (KR)

XS
SM
MD
LG