Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:59

Чек ара чыры таш менен чечилбейт


Кыргыз-тажик чек арасына топтолгон эл. Баткен. 14-март, 2019-жыл.

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы айыл тургундарынын ортосундагы жаңжалдын чыгышы көп суроолорду жаратты.

Чек ара тилкесиндеги түшүнбөстүктүн чыгышына эмне себеп болду? Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эмне үчүн майнап чыкпай жатат? Чек арадагы маселелерди чечүүнүн жолдору кандай?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов, саясий серепчилер Алмаз Тажибай жана Турат Акимов катышты.

«Азаттык»: - Урматтуу эксперттер, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы тургундардын ортосунда орун алган жаңжалдын чыгышына эмне себеп болду деп ойлойсуңар? Сырткы күчтөрдүн чагымы болушу мүмкүнбү?

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: - Баткендеги окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Өкүнүчтүүсү - мындай окуялар маал-маалы менен болуп, маселе чечилбей келет. Чек ара делимитация жана демаркация болбогондуктан карапайым баткендиктер жабыркоодо.

Мен баткендик туугандарды сабырдуулукка чакырып, чагымчыл күчтөрдүн сөздөрүнө алданып, азгырылбоого үндөйт элем. Кырдаалдын мындай болуп калышына эл күнөөлүү эмес. Күнөө ушунча жылдан бери чечпей келатышкан эки мамлекеттин тиешелүү органдарында, өкмөттөрүндө.

Маселени чечсе болот. Эки мамлекеттин ортосунда «Түбөлүк достук келишими» деген тарыхый документ бар, анда баары жазылган. Биздин жетекчилер жогорку деңгээлдеги жолугушууларда «бир тууган, дос элбиз» деп кучак жайып сүйлөгөнүбүз менен иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Эки жыл мурда миномёт менен аткан учурлар болду. Эки бир тууган кошуна элде мындай болушу мүмкүн эмес. Маселени чечүүгө эки мамлекеттин башчыларынын саясий эрки гана керек, алар гана чек арага чекит коё алат.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

Турат Акимов: - Бул аймакта чек ара маселеси илгертеден келаткан көйгөй. Мен Актатыр, Үч-Дөбө, Ак-Сай, Орто-Боз деген айылдарды жакшы билем, ал жерлерде совет мезгилинде да болгом. Ошол көп жерлер совет заманында кошуналарга өтүп кеткен. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев бир жылдык өмүрүн чек араларды чечүүгө сайып койгондо бүгүнкү маселе болмок эмес.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков «аймактарды өнүктүрөбүз» деп жатат. Эгер чек араларды бекемдеп берсе, аймактарды эл өзү эле өнүктүрө берет. Кээ бир жерлер аябай чиеленип, татаалдашып кеткен, айрым участокторду мүмкүн алмашуу керек. Дипломатиянын бардык куралдарын колдонуу зарыл. Макулдашууларга жетишилгенден кийин президент Жээнбеков тажик президенти Эмомали Рахмонду дал ошол жерден күтүп алып, документтерге ошол жерден кол коюп, чечип койсо болот. Чек арага президенттер жеке көңүл бурбаса, эл дагы эле кыйнала берет.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, кечээ тараган видеолордо эки тараптан тең элдин жаалданган маанайын байкоого болот. Андай чыңалган деңгээлге бир күндө эле жеткен жок да?

Алмаз Тажибай
Алмаз Тажибай

Алмаз Тажибай: - Дүйнөдө 197 мамлекет болсо, анын 70тен ашыгы чек араларын эмгиче чече албай келатат. Тилекке каршы, мындай жаңжалдар биздин башка кошуналарыбызга караганда тажиктер менен көп болууда, маселе курч бойдон турат.

Өткөн жылы чек арада 10 жаңжал болсо, анын көбү Тажикстан менен байланыштуу катталган. Чек арадагы суроолорду сүйлөшүү жолу менен гана чечсе болорун дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп келет. Таш, ок атышуу менен эч кандай маселе чечилбейт. Кыргыз-тажик чек арасын эки мамлекеттин компетенттүү органдары гана макулдашып чечсе болот. Ар бир суроону талдоо керек.

Эки тараптын тил табыша албаганы чек араны 1924-жылкы карта мененби же 1956-жылкы карта менен чечебизби - ушул талаш болуп келатат. Бул боюнча өкмөт аралык комиссия бир чечимге келе албай убара. Анткени ар бир тараптын өз чындыгы бар. Акыркы чечимди президенттер гана коёт. Өзбек президенти Кыргызстан менен 85 пайыз чек арабызды чечип, кол коюп, чоң бурулуш жасады го.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

«Азаттык»: - Марат мырза, чек ара маселелерин чечүүдө эки өкмөттүн мамлекеттик органдары канчалык тыгыз, түшүнүүчүлүк менен иштеп жатат деп айта алабыз? Биргелешкен координация жетишпей жаткан жокпу?

Марат Иманкулов: - Ал жерде чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик бар. Алардын кошуна мамлекеттин тиешелүү кызматтары, органдары менен келишим-макулдашуулары бар. Мындай окуя биринчи болуп жаткан жок, биздин органдар алар менен жолугушуп, сүйлөшүп турушат.

Чек ара маселесинде кош стандарттуулук болбош керек. Эң башкы кызыкчылык - эки элдин тынчтыгы, достугу, бир туугандыгы турушу керек. Бизге мурдагы президенттер өтө оор мурасты калтырып кетишти. Убагында көп маселени чечип коюшса болмок. Азыркы бийлик кийинкиге калтырууга акысы жок.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрө аласыз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG