Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 07:20

Сооронбай Жээнбеков президент катары алгачкы расмий сапарын Өзбекстандан баштаганы турат.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугушат. Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагында кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык багытта кызматташуусу, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагында карым-катыш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат.

Президент Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат, бирок документтерге кол коюлбайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасында Үңкүр-Тоо өңдүү талаштуу, тактала элек тилкелер бар. Былтыр кыргыз-өзбек чек арасында Үңкүр-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы боюнча жаңжал чыккан эле.

Орто-Токой суу сактагычы

Кыргыз-өзбек президенттери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын чогуу пайдалануу боюнча мөөнөтсүз келишимге быйыл октябрь айында Ташкентте кол коюшкан. Бул келишимди ратификациялоого Жогору Кеңештеги эки комитет - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети менен Эл аралык иштер, Коргоо жана коопсуздук комитеттери дароо үч окууда макулдук берди.

Нурбек Мурашев
Нурбек Мурашев

Комитеттердин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мындан ары суу сактагычты ушул министрликтин Суу чарба департаменти башкарарын, сууну пайдалануу боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөрүн маалымдады:

- Макулдашуу Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын мамлекет аралык пайдалануу тартибин белгилейт. Ал суу сактагычты иштетүүгө жана техникалык жактан күтүүгө кеткен каржылык маселелерди жөнгө салат. Ошондой эле макулдашууда суу сактагычтын иштөө режимин жана суу лимиттерин белгилөө, суу сактагычты иштетүүгө жана техникалык жактан күтүүгө зарыл болгон керектөөлөрдүн көлөмүн аныктоо негизги милдет болуп эсептелет. Дайыма иштей турган комиссия түзүү жагы да көрсөтүлгөн.

Парламенттеги талкуу учурунда Өзбекстан суу топтоого кеткен чыгымга жылына 16 миллион сом төлөй турганы маалым болду.

Орто-Токойдогу суунун көлөмү 165 миллион куб метрди түзөт, аянты 860 гектар. Суу сактагычтагы суунун 92% Өзбекстан, 8% гана Кыргызстан пайдаланат.

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин мүчөсү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров документ мыйзамдык күчүнө киргенден кийин суу сактагычка байланыштуу жаңжал чыкпайт деп ишендирди:

- Эң негизги башкаруу Кыргызстанга толугу менен өтүп жатат. Жаңылышпасам биздин ИИМ кайтара турган болуп жатат. Мен эми ийне-жибине чейин караган жокмун. Жалпы башкаруу, кайтаруу кыргыз тарапка пайдалуу экени тууралуу баяндама жасалгандан кийин колдоп бердик.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-декабрда Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башчысы Айзада Субакожоева анда чек арага байланыштуу документтерге кол коюлбай турганын ырастады:

- Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ азыр жок. Өзүңөр билгендей, эки өлкөнүн жумушчу топтору иштеп жатышат. Ушул жылдын сентябрь айында документке кол коюлгандан бери үч ай өттү. Ошондон бери биздин жумушчу топтор иштеп жатат, 40 чакырымдан ашыгы такталды. Бул жолу делимитациялоо боюнча өзүнчө документке кол коюлбайт.

Үңкүр-Тоодогу абал

Тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо маселеси да бар.

​Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа

Быйыл февраль айынан баштап Өзбекстандын пайдалануусунда болуп келген жыйырмага чукул объектини Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүп алуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан болчу.

Аксынын акими Масалбек Мырзамамытов болсо Үңкүр-Тоо маселеси эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көтөрүлө электигин билдирип, айрымдар айтып жаткандай, андагы телестанция көчүрүлбөгөнүн айтты:

- Көчүрүлгөн эмес, мен билгенден иштеп жатат. Ал боюнча атайын комиссия иштейт да. Бул маселе экинчи этапта карала турган болгон. Бизде азыр чек аранын 88% такталып, 12% калды. Чек аранын жалпы узундугу 139 болчу, ошонун 122си такталып, 17 чакырымы гана калды. Талаштуу беш участок бар. Алар кийинки этапта каралышы керек. Анын ичинде Үңкүр-Тоо да бар.

Үңкүр-Тоо боюнча чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаровдон толук маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Былтыр Үңкүр-Тоо боюнча жаңжал чыккан жана расмий Ташкент талаштуу аймакты өзүнүкү деп да атаган.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке иш сапары менен келгенде кол коюлган.

Расмий маалымат боюнча, жалпы чек ара 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170и же тактап айтканда, 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% ушул жылдын соңуна чейин макулдашыла тургандыгы айтылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG