Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат


Президент Сооронбай Жээнбеков менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Эрлан Абдылдаев ЕККУнун курамындагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Сербиядагы расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Министр мындан тышкары Жээнбековдун 13-14-декабрда Өзбекстанда боло турган расмий иш сапарына көрүлүп жаткан камылга жөнүндө маалымат берди. Президент тышкы иштер министрине сапарга кылдат даярдык көрүүнү тапшырды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен быйыл 5-октябрда барган. Эки мамлекеттин сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG