Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа


Баткен аймагындагы Өзбекстан пайдаланып келген газ сактоочу ишкана, Бүргөндү өрөөнү.
Баткен аймагындагы Өзбекстан пайдаланып келген газ сактоочу ишкана, Бүргөндү өрөөнү.

Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын объектилерин кайтарып алуу боюнча өкмөттүн токтомун аткаруу кыйынчылыктар менен коштолууда.

Быйыл февраль айынан баштап Өзбекстандын пайдалануусунда болуп келген жыйырмага чукул объектини Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүп алуу боюнча өкмөттүн токтом чыккан болчу. Бирок учурда майда суу каналдары жана айрым насостук станциялар гана Кыргызстандын карамагына өтүп, объектилердин жарымынан көбү кайтарылбай жатканы белгилүү болду.

Орто-Токой суу сактагычынан от алган тиреш

Быйыл жыл башында Кыргызстандын өкмөтү 25 жылдан бери Өзбекстандын пайдалануусунда калып кеткен Кыргызстандын чарбалык объектилерин толугу менен кайтарып алганын жарыялаган болчу. Өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров буга байланыштуу чыккан токтомдор толугу менен аткарылып жатканын билдирген. Өкмөттүн токтомунун негизинде Өзбекстандын пайдалануусундагы мүлктү өткөрүп алуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Бирок өткөрүп алуу маселеси суу сактагычтарга келгенде курчуп кетти. Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстандан өткөрүп алуу аракети учурда ишке ашпай турат.

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев бул боюнча кыскача гана маалымат берүү менен чектелди:

- Ал суу сактагычты өткөзүп алуунун шарттары өкмөттүн токтомунун негизинде бекиген. Жакында аны кабыл алып, өткөрүү болот. Бул маселени чечүү үчүн мекемелер аралык комиссия келген. Бирок тиешелүү иш-чаралар азырынча боло элек. Бирок болот, буюрса. Калган маалыматтарды азырынча толук айта албайм.

Жакында Кыргызстандын ички иштер органдары Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын көзөмөлдөп жүргөн өзбек милиционерин “чек ара режимин бузду” деп айыптап, колго түшүргөн. Буга тез эле жооп кылып өзбек тарап тик учак менен Аксынын Үңкүр-Тоосуна бир нече милиция кызматкерлеринен турган атайын десант таштап, телемунарада иштеген төрт адамды барымтага алганы белгилүү болду. Мына ошол окуядан соң, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз тарап кармалган өзбек милицонерине акчалай айып салып, бошотууга мажбур болду. Бирок Үңкүр-Тоонун үстүндө турган Өзбекстандын атайын тик учагы таштап кеткен куралдуу топ тоонун кырындагы ээлеген позициясын таштап кеткен жок. Ал турсун тоонун башындагы телестанцияда иштеген төрт кызматкер дагы кайра бошотула элек.

Өзбекстан тарап кармап кеткен Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станция кызматкерлеринин жакындары мекеменин Оштогу баш кеңсесинде нааразылыкка чыгышты. 26-август, 2016

​Мурдагы коргоо министри жана экс-депутат Исмаил Исаков бул маселедеги кыргыз тараптын шалаакылыгын сынга алды:

- Негизи Өзбекстан менен чек-ара жана чарбалык маселелер боюнча башында бири-бирине байланыштырбаган шартта өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрүшү керек эле. Бирок мына ошол эреже бузулуп калган. Биз убактылуу пайдаланууга берген чарбалык объектилерди кайтарып алууда алардын айтканына көнүп жүрүп, ошого үйрөтүп алганбыз. Ошондуктан биздин өзүбүздүн аймакта турган милиция постторун алгыла деп акылга сыйбаган талап койушууда. Себеби биздин бийликте дагы ар түрдүү позицияны кармануу жана мына ушул маселелер боюнча иш алып барган жетекчилерди улам-улам алмаштыра берүү өнөкөтү аларга бизге карата үстөмдүк абалды ээлегенге шарт жана мүмкүнчүлүк берип жатат.

Чек арадагы абал

Ошол эле кезде өзбек тарап бул үчүн Ала-Буканын ичкери жагында жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын аймагына ээн-эркин кирип-чыгууну талап кылды. Учурда суу сактагычтын башында эки жүздөн ашуун өзбек жараны жашайт. Тилкенин экинчи бөлүгүн кыргыз милициясы көзөмөлдөйт. Өзбек жарандарынын чек-арадан бери киришине тоскоолдук болгондо өзбек тарап адатта чек-аранын башка бир тилкесин ээлеп алып, “коридор” талап кылган учурлар болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы беш айга чукул убакыттан бери суу сактагычка кире турган чек ара өткөрмөсүн жаап койгону белгилүү болду. Мындан улам Өзбекстандан кезмет алмашуу үчүн кире турган жумушчулар мүмкүнчүлүк алыша алган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев өзбек тарап коюп жаткан талап боюнча мындай дейт:

- Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын ичинде, чек-арадан 13 чакырым ичкерки аймакта жайгашкан. Биздин милиция күзөтү ал жактан чыгарылган жок. Бирок өзбек тарап мына ошондой талап коюп жатышат. Бул боюнча ИИМ иш алып барууда. Ал жакта чек арачылар жок. Биздин иш бул аймактагы чек араны көзөмөлдөө. “Орто-Токой” суу сактагычына Өзбекстандан өтүп келе турган тилкедеги чек ара өткөрмө бекетин жаап койгонбуз. Анан мына ошол суу сактагычтын айланасында эки жүздөн ашуун өзбек жараны жашайт. Аларды биз текшерип чыгып, биздин өлкөнүн аймагынан кууп чыгууга азырынча барбайбыз.

Суу каналдарынын абалы

Ошол эле кезде суу чарба жана мелиорация департаменти Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынан башка Өзбекстан пайдаланып келген суу каналдары жана насостук станциялардын бардыгы Кыргызстанга өткөнүн белгилеген. Ал тизмеге суу чарба объектилери катары Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), "Чуст" каналы (14,5 км), Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км). Баткен облусу боюнча: Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы (28 км) кирет.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу чарба департаменттинин башкы директору Көкүмбек Таштаналиев тизмедеги объектилер дээрлик толугу менен өткөрүлүп алынганын айтты:

- Мамлекеттик мүлк фонду мына ошол объектилердин ичинен “Орто-Токой” суу сактагычын өткөзүп бере элек. Андан башка калган суу чарба каналдарын жана насостук станциялардын бардыгы өткөрүлүп берилген. Мына ошол мүлктөрдү өткөрүп алуу жана башкаруу боюнча үч токтом чыккан. Бул жерде айтып койо турган маселе, биздин аймак аркылуу өткөн суу чарба каналдарын гана мамлекеттин карамагына алдык.

Биз убактылуу пайдаланууга берген чарбалык объектилерди кайтарып алууда алардын айтканына көнүп жүрүп, ошого үйрөтүп алганбыз. Ошондуктан биздин өзүбүздүн аймакта турган милиция постторун алгыла деп акылга сыйбаган талап койушууда.
Исмаил Исаков

Ошол эле кезде Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев Керкидон суу сактагычына куйган каналды Кыргызстандын карамагына өткөрүп алуу жагы кечеңдеп жатканын белгиледи. Муну менен ал азыркы өкмөттүн жана суу чарба департаменттинин айтканын жокко чыгарды. Аравандын акими Курбанбек Айтибаев өкмөттүн токтомун аткаруу маселеси жогорку деңгээлдеги чечимди талап кыларын айтты:

- Керкидон суу сактагычына куйган суу каналын өткөрүп алуу маселеси азырынча чечиле элек. Буга байланыштуу жакында эле биздин вице-премъер-министр Жеңиш Раззаков келип кетти. Анан эми бул маселе жогорку деңгээлде чечилиши керек экен. Мына ошондуктан өкмөттүн токтомун аткаруу жагы кечеңдеп жатат. Бул суу сактагычтын суусун Өзбекстан гана пайдаланып келген. Анан эми бизге карап, маселе оң жагына чечилип калса, анан аны биздин эгин талаалар үчүн дагы пайдалана баштасак жакшы болот эле. Бирок эми ал качан ишке ашары белгисиз.

Бүргөндүнүн бүтпөгөн чыры

Анткен менен ошол эле кезде буга чейин Өзбекстандын пайдалануусунда болгон Ноокендин аймагында жайгашкан “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” атындагы насостук станциялары Кыргызстандын карамагына толук кандуу өткөнү ырасталды. Буга байланыштуу аталган суу чарба объектерин тейлөөгө кетчү чыгымдарын жабуу үчүн быйыл өкмөттөн кошумча каражат каралганы белгилүү болду. Ноокендин акиминин орун басары Каныбек Камбаралиев мындай дейт:

- Биз башкалардан айырмаланып аталган объектилерди өкмөттүн токтому чыыгары менен толугу менен өткөрүп алдык. Биздин тиешелүү комиссия келип, мамлекеттин карамагына алып, андан кайра тиешелүү жергиликтүү суу чарба мекемесине бекитип берди. Бизде бул боюнча маселе жок. Токтом толугу менен аткарылды.

Өзбекстандын убактылуу пайдалануусундагы жаратылыш газын сактоочу жана мунай бургулоочу Бүргөндү массивин кайтарып алуу маселеси дагы тоскоолдуктарга дуушар болду. Өзбекстан бул тилкеде курулган объектилерге кеткен чыгым СССРдин казынасынан эмес, анын өзүнүн эсебинен курулган деп, кыргыз тараптан кеткен чыгымды төлөп берүүнү талап кылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, төмөндөгү чарбалык объектилер Кыргызстандын менчигине өтмөк: Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери.

Бүргөндү массиви
Бүргөндү массиви

Бүргөндүдөгү жердин жалпы аянты он миң гектарга барабар. Анын 384 гектарын мурун Өзбекстан мунай бургулоо жана жер астындагы газ сактоочу кампа катары колдонуп жүргөн. Кыргыз тарап буга чейин Бүргөндү массивиндеги жерди пайдаланганы боюнча Өзбекстандан ижара акысын талап кылып келген. Кадамжайдын акиминин орун басары Жаныбек Исаков өкмөттүн токтомун аткаруудагы кыйынчылыктарга токтолду:

- Бул эми биздин деңгээлде карала турган маселе эмес. Бул өкмөттөр аралык деңгээлде каралышы керек. Анан эми өкмөт токтом чыгарып койгону менен мында бир топ маселе бар. Анан калса чек ара сызыгы дагы тактала элек. Мына ошого байланыштуу бул жердеги чарбалык объектерди кайтарып алуу маселеси токтоп турат.

Буга чейин 1992-жылы кабыл алынган келишим боюнча СССР учурунда курулган объектилер мына ошол республиканын менчиги деп таанылган. Кыргыз тарап мына ошол келишимдин шарттарын жүйө карап, суу сактагычтар баш болгон чарбалык объектилерди кайтарып берүүнү талап кылып келген. Бирок расмий Ташкен Кыргызстандын аймагындагы айрым объектилер боюнча талаш маселе бар экенин айтса, кээ бирлеринин чыгымдарын Кыргызстан төлөп бериши зарыл деген маселе коюп жүрөт. 2012-жылы парламент бул маселени чечүүнү талап кылып, өкмөткө тапшырма берген болчу. Өкмөт 2016-жылдан тартап аталган чарбалык объектилердин айрымдарын кайтарып алуу боюнча токтом чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG