Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Жалал-Абад: Орто-Токойдогу жаңжал


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Өзбекстандык милиционер суу сактагычта курал менен жүргөнү үчүн кармалып, ага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ала-Бука райондук милициядан "Азаттыкка" кабарлашты.

Кыргыз тараптын расмий маалыматы боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүрүүчү жеринде кароолдо турган өзбек милиционери курал көтөрүп чыкканы үчүн 13-августта кармалган.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттыкка”:

- Өзбекстандык милиционер биздин аймакка киргени үчүн аны Кыргызстандын коргоо бөлүмүндө иштеген милиция кызматкерлери кармашкан. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азырынча бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги толук маалымат берүүдөн карманып турат. Ал эми Өзбекстандын маалымат булактарында “Кыргызстандын атайын даярдыктагы “Скорпион” отряды Орто-Токой суу сактагычын кайтарган милиция кызматкерлеринин бут алдына ок атып, аймакка кирүүгө аракет кылышкан” деп жазды.

Бирок суу сактагычты кайтарган Наманган облустук бийлиги да, милициясы да “Азаттыкка” бул маалыматты ырастаган жок. “Скорпион” отряды караган Кыргызстандын Башкы штабы дагы аскерлер чек арада чуу салды деген маалыматты төгүндөп жатат.

Бири-бирине өчөшкөндөй мамиле болуп жатат. Силер мындай кылсаңар, биз тигиндей кылабыз деп эле. Чек араны кайтарган жигиттер кызуу кандуу болот да.
Саламат Аламанов

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Тизме башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат. Расмий маалымат боюнча суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү жерин өзбекстандык милиционерлер, калган бөлүгүн кыргызстандык милиционерлер кайтарат.

Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов чек арадагы чырлуу аймактарда күзөттө турган эки тараптын тең күч түзүмдөрү чагымга жол бербеши керек дейт. Ансыз да чиеленген бул маселени чечүүдө ушул өндүү окуялар терс таасирин тийгизет деген пикирде:

- Менин бир нече жылдан берки байкоомдо чек ара маселеси мындай жагдайга өттү. Бири-бирине өчөшкөндөй мамиле болуп жатат. Силер мындай кылсаңар, биз тигиндей кылабыз деп эле. Чек арада ок атышкандан кийин эки тарап сүйлөштүк дегендей болот. Бирок чыр кайталанып эле жатат. Анан дагы чек араны кайтарган жигиттер кызуу кандуу болот да. Чек ара толук такталмайын ушундай окуя улана берет.

Бул саясий соода менен дагы байланыштуу. Бул маселени бир адам келип эле чече койбойт. Ал үчүн узак убакытка программа түзүлүшү керек.
Султанбай Айжигитов

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чыр чыгып, кан төгүлгөн фактылар дагы жок эмес. Чек арадан башка дагы эки өлкөнүн бир нече жагдайлар боюнча пикир келишпестиги бар. Деген менен быйыл июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенттеги саммитинде эки өлкө башчысы жылуу-жумшак жолугушкандай болгон. Анда айрым серепчилер чек ара өңдүү талылуу маселелерди чечүү башталат деп божомолдошкон. Баткендин мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун пикиринде, эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси кылдат мамилени талап кылат.

- Чек ара маселеси системалуу жана узак мөөнөттө чечилет. Бул саясий соода менен дагы байланыштуу. Бул маселени бир адам келип эле чече койбойт. Ал үчүн узак убакытка программа түзүлүшү керек. Анан улам кийинки келген адам аны улантып, бир кадамдан чечиле берет. Маселе ушул жагында.

Азырынча Кыргызстанда кармалып турган өзбек милициясынын иши кандай болору белгисиз. Жалал-Абад облусунда эле Өзбекстан менен талаш жараткан 24 аймак бар. Алардын көбү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан. Быйыл март айында ушул аймакка жакын жердеги Чала-Сарт тилкесине өзбек тарап аскердик техникаларын киргизип, жергиликтүүлөрдү дүрбөлөңгө салган. Өзбек тарап Кербен-Ала-Бука унаа жолуна блок пост орнотуп алган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана алар алынган болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG