Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Аксы: талашка түшкөн жердин таржымалы


Сөгөт айылындагы талашка түшкөн жер
Сөгөт айылындагы талашка түшкөн жер

Аксы районунун Сөгөт айылындагы жер боюнча талаш такталмайын ал жерге эч ким киргизилбейт. Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнөн турган комиссиянын жолугушуусунан кийин ушундай чечим кабыл алынды.

Жергиликтүү бийлик талаш жараткан жерди ушул күнгө чейин аксылыктар пайдаланып келишкенин билдирүүдө.

Сөгөт айылынын башчысы Замир Баназаров чек арага жакын жайгашкан жер тилкесине 28-июнда өзбек чек арачылары кирип, аларды чыгарып салгандан бери бара элек экен. Тобекелге салып, ал жерди көрсөтүүгө бизди баштап жөнөдү.

- Кыргыз-өзбек чегинде турган бул темир мамычадан 470 метр ары жагынан кийин биздин участка экен. Ошол жерде менин чөп жайытым жайгашкан. Азыр барып мен силерге ошол жерди көрсөтүп берем. Беш жыл аралыгында быйыл биринчи жолу ушул окуяга кабылып олтурам. Мурдагы жылдары чөп чабык маалында кыргыз чек арачыларын чакырып алат элек, алар биздин жаныбызда турат эле. Ошондуктан өзбек чек арачылары биз жакка келе алган эмес. Быйыл болсо Өзбекстандын чек арачылары келе жатканда биздин чек арачылар артка кайтып кетишти. Анан алар келип бизди техникаларыбыз менен кууп чыгышты.

Ошентип Замир Баназаров 2,5 гектар чөп жайытынын жарымын оруп болгон соң, ал жерден чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтып отурду.

- Аксы райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн адистери келип ушул жерди мага тактап беришкен. Бирок мен ортодо 50 сотык жерди нейтралдуу зона катары таштап, андан ары эки гектар жерди алгам. Бул жерде чек ара тилкесинде ортодо аралык калган, мен ага тийишкен эмесмин. Чөп оруп жаткан учурда бир топ өзбек чек арачылары келип, бул жер биздин жер чыгып кеткиле деп талап кылды. Чөп оруп жаткан тракторубузду токтотуп чыгарып салды. Менин жеримдин бүткөн жерине таш тизишип, ушул жерден өтпөйсүңөр деп койду.

Сөгөт айылындагы талашка түшкөн жер
Сөгөт айылындагы талашка түшкөн жер

Аксы районунун Өзбекстан менен чек аралаш Сөгөт айылында чөп оруп жаткандарды өзбек чек арачылары чыгарып салышкан бул окуя 30-июнь күнү катталган. Бул жерлерди Өзбек тараптын аскерлери кайтарууга алууда. Алыстан алардын биз тарапка келе жатканын көргөндө артка кайтууга мажбур болдук.

- Кандай болгон учурда да Өзбекстанга бир метр жер кетпеши керек. Азыр мени жалган маалымат таратып жатасың деп коркутуп жатышат. Мен болгону кыргыздын жери үчүн күйүп жатам. Биз Чек ара кызматынын башчысына автоунааңардын күйүүчү майын куюп берели, чөп оруп жатканда бизди беш күн кайтарып бергиле деп кайрылсак, биз өзүбүз эле кайтарабыз деп макул болбой койду. Мына бир адамдын изи жок бул тилкеде, кайтарса азыр биз келдик, келет болчу да.

Аксы: талашка түшкөн жер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

Айтылган тилкеде Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын эксперттеринин катышуусунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнөн турган комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан улам бул аймакка эки тараптын тең жарандары азырынча кирбей турган болушту. Кашка-Суу айыл өкмөт башчысы Улукбек Керимкуловдун айтымында, бул айыл өкмөттүн балансындагы жер жана ал кыргыз тараптын пайдалануусунда болуп келген.

- Окуя катталар замат мен райондук бийликке маалымат жеткирип, дароо мамлекеттик каттоо жана чек ара кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган аймакка бардык. Ошол жерде өзбек тараптын тийиштүү адистери менен жолугушуп, азырынча ал жер такталмайынча эч ким кирбей турсун деген жыйынтыкка келдик. Бирок ушул күнгө чейин ал эки гектар жерди биз пайдаланып келгенбиз. Айыл өкмөттүн карамагындагы жерди биз бирөөгө ижарага бергенбиз. Ушул күнгө чейин ал жерди талашмак турсун, өзбек чек арачылары кирбейт да болчу.

Бул жерди буга чейин Кыргызстан пайдаланып келген.
Бул жерди буга чейин Кыргызстан пайдаланып келген.

Мамлекеттик чек ара кызматы да Сөгөт жергеси такталган тилке болуп эсептелерин билдирүүдө. Ошондой эле Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузуу фактысы катталбаганын, чек аранын айтылган тилкеси штаттык режимде кайтарылып жатканын Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева маалымдады.

- Аксы районундагы Сөгөт жергесинде абал туруктуу. Айтылган тилкеде Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп, анда жогорудагы маселе талкууланды. Мамлекеттик чек аранын айтылган тилкеси штаттык режимде кайтарылууда, кырдаал Чек аранын кызматынын көзөмөлүндө.

24-июнда Ташкенде өткөн саммиттин алкагында жолугушкан Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек ара маселесинде сүйлөшүүнү улантуу чечимине келишкени айтылган. Кандайдыр бир түшүнбөстүк болсо, аны чечүү милдети өкмөт башчыларга жүктөлөрү кабарланган.

Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан менен талаш жараткан 24 участок бар. Алардын көпчүлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан. Ушул жылдын март айында ушул аймакка жакын жердеги Чала-Сарт участкасына өзбек тарап аскердик техникаларын киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолуна блок пост орноткон. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң алар кайра алынган болчу.

XS
SM
MD
LG