Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Үңкүр-Тоодо кармалгандар бошотулду


Өзбекстан 8-сентябрда түнкү саат 12ге жакын Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен төрт кыргыз жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков билдирди.

“Азаттык” барымтадан бошоп чыккан төрт жарандын бири Жеңиш Ташматов менен сүйлөшүп, ал-акыбалынан кабар алды:

- Баары жакшы, азыр эле чыктык. Кошуна мамлекет менен биздин күч органдарынын ортосунда келишим жакшы болду. Ошонун негизинде чыгып келдик. Биздин жетекчилерге, күч органдарына, баарына рахмат. Тил табышып, жакшы чыгып келдик. Баарыбыздын ден соолугубуз жакшы. Ал жерден кыйынчылык деле көргөн жокпуз, жакшы карап, жакшы мамиле жасап жатышты. Баары жакшы.

Үңкүр-Тоо: бошотулгандар үйүнө келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, кармалып тургандарды бошотуп жатканда Өзбекстан шарт койгон жок:

- Президенттин, өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин аракети жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Өзбекстан биздин жарандарды чыгарып берди. Бүгүнкү жолугушуу 3/3 форматында өттү. Чек ара кызматынын облустук жана райондук жетекчилери, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болсун деп шарт койгон экен. Биз үчөөбүз кирип чыктык. Эки апта мурдагы сүйлөшүүгө да ушундай форматта киргенбиз. Биз башында эле "жарандарыбызды кайтарып бергиле, калган маселелерди өкмөттөр аралык комиссия чечсин" деп айтканбыз. Алдын ала маалымат боюнча буларга чек араны мыйзамсыз бузуп өттү деген берене менен кылмыш иш козгоп, акчалай жазага тартышыптыр. Соттун чечими чыгып, аларды бизге чыгарып беришти. Биз алардын дене-баштарын текшерип чыктык. Зордук-зомбулук көргөн-көрбөгөнүн текшердик, дени-карды соо, баары жакшы экен. Бирок алар өздөрү деле соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп чечимдерин чыгарып койгон экен. Биз азыр бошогондорду үй-бүлөлөрүнө, тууган-уруктарына коштоп жеткирип баратабыз. Бошоор замат эле телефондон жакындары менен сүйлөштүргөнбүз.

Бейрасмий маалымат боюнча, буга чейинки эки тараптуу өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан Кыргызстанга Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүргөн жерин кайтарган аскерлерин мөөнөт-мөөнөт менен эч тоскоолдуксуз алмаштырып, маал-маалы менен тамак-аш жеткирип туруу тууралуу шарт коюп жаткан. Кыргыз тарап бул шартка көнүп-көнбөгөнү азырынча белгисиз.

22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кетишкен.

Өзбекстандын күч кызматтары кармап кеткен төрт кыргызстандыктын тагдыры боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрь күнү Самаркандга Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга барган кезде да өзбек премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүп, талкуулаган.

Ага чейин 2-сентябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында маселе көтөрүп, кармалган кыргызстандыктардын токтоосуз бошотулуусун талап кылган болчу.

6-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго бул маселени конструктивдүү жол менен чечүүнү тапшырган.

Ал эми Өзбекстанда кармалып тургандардын жакындары аларды тез арада бошотуу боюнча иштерди жүргүзүүнү талап кылып, президентке кайрылышты.

Тасмада: Чечилбеген Үңкүр-Тоо, атасын күткөн балдар

Чечилбеген Үңкүр-Тоо, атасын күткөн балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

XS
SM
MD
LG