Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

УКМК: Коррупциялык иштерден 4 миллиард сом өндүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүдөн 4 миллиард сом чогулду. Эсеп күн сайын толукталып жатканын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйында билдирди.

“Мына кечээ Аманкулов козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирген зыяндын белгилүү бөлүгүн төлөп берди. Ал жөнүндө жакында маалымат беребиз. Андан мурда судья 70 миллион сом төлөдү. Бабанов 100 миллион сом берди. Биз андан бюджетти колдоо үчүн жардам сураганбыз. Андыктан бюджетке күнүгө миллиондой сом түшүп жатат. Бул акчаны биз толугу менен бюджетке өткөрүп беребиз. Ал кандай бөлүштүрүлөт – ал Каржы министрлигинин иши”.

Ташиев коррупцияга шектелип калмалып, кайра үй камагына чыгып жаткан аткаминерлер тууралуу пикирин айтты:

“Коррупцияга шектелгендердин мамлекетке келтирген зыяны аныкталып, кылмыш иши козголот. Алар зыяндын ордун толтурса эркиндикке кое беребиз. Бул тергөө менен кызматташуунун негизинде ишке ашат. Башка жолу жок. Алардын баарын эле абакка жибере албайбыз. Төлөсө чыгат, төлөбөсө мажбурлайбыз”, - деди Ташиев.

УКМК буга чейин мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө бир нече атка минер жемкорлукка шектүү экенин билдирген. Анын көбү тергөө менен кызматташып, бюджетке акча төккөндөн кийин үй камагына чыкканы жарыяланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG