Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Ташиев: Тажикстанга аткезчилик толук токтотулат


Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче аткезчилик толук токтотула турганын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрөгасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде билдирди.

“Буга чейин аткезчиликке ийкемдүү мамиле жасалып келген. Мыйзамсыз иштер орун алган учурлар болгон. Эми мындай болбойт. Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт”.

Баткенден Тажикстанга күйүүчү майдан тышкары Кыргызстандан өндүрүлгөн бир топ продукциялар мыйзамсыз ташылары айтылып жүрөт.

УКМК март айында тонналаган күйүүчү майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жарандар кармалганын маалымдаган.

25-мартта Лейлек районундагы «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү майды алып өтүүгө аракеттенген эки машине кармалган. Ушундай эле факты март айынын башында да катталып, аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып баратканда колго түшкөнү расмий айтылган.

УКМК автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгонун жана Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүргөнү аныктаган.

Кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылганы жарыяланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG