Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Жалал-Абадда муниципалдык автоунаа базары ишке кирди


Жалал-Абад шаарындагы унаа базар.
Жалал-Абад шаарындагы унаа базар.

2200 автоунаалык базарды куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын бюжетинен 10 миллион сом корогон. Бул шаардын вице-мэри Элдос Таев билдирди. Анын айтымында, учурда базардын ичине шагыл төшөлүп, тегереги тосулду. Электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ылайыкташкан дарбаза орнотулуп жатат.

Базардан айына бир миллион сомдун тегерегинде пайда түшөт деген божомол бар.

“Автоунаалар үчүн бастырма, ашкана жакынкы аралыкта курулуп бүтөт. Эки ай ичинде толук шарт түзүлүп бүтөт. Алдыда электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ылайыкташкан дарбаза коюлат. 2200дөй машине батат. Андан түшкөн каражат шаардын башка инфраструктураларын жакшыртууга жумшалат. Эски машине базар жабылды”, - деди вице-мэр.

Муниципалдык базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. (TB)

XS
SM
MD
LG