Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Сот коргоо министринин мурдагы ишин эскертти


Таалайбек Өмүралиев.
Таалайбек Өмүралиев.

Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таап, 5 миллион сом айып пул жазасын чегерди. Бул кызматта турган министрге айыптоо өкүмү чыккан сейрек учур.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге байланыштуу иш 10-мартта Бишкек шаардык сотунда апелляциялык тартипте каралды. Шаардык сот Өмүралиевди актаган Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрдагы өкүмүн жокко чыгарды.

Мекеменин басма сөз катчысы Айнура Жасынова соттун өкүмүн айтып берди.

“Өмүралиев Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү, 304-берененин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленип, мамлекеттин кирешесине чегерилген”.

Таалайбек Өмүралиевдин адвокаты Юлия Богданова менен байланышканыбызда ал комментарий берүүдөн карманды.

“Азырынча эч кандай комментарий бере албайм. Кардарым менен макулдашкан эмесмин”.

Бул иште коргоо министринин мурдагы орун басары Жаныбек Капаров жана башка офицерлер да айыпталууда.

Таалайбек Өмүралиев 10-марттагы жарыш сөз учурунда бул иште күнөөсүн четке какканын айрым маалымат каражаттары жазды.

“Бул жерде биздин күнөөбүз жок. Ыңгайлуу батирлер биринчи кезекте аскер кызматкерлерине берилген. Турак жайга муктаж 700 үй-бүлө бар болчу. Бирок 100 батир гана берилмек. Бул жаатта атайын түзүлгөн комиссия бир жыл иштеп, туура бөлүштүрүп берген. Ошондуктан мен документке кол койгом. Эгер мыйзамсыз иштер болсо чечимди жокко чыгарат элем да. Анын үстүнө батирлер аймактарда иштеген аскер кызматкерлери үчүн берилген. Офицерлерди колдоо үчүн иштер аткарылган. Мен соттон бизди күнөөсүз деп таап, биринчи инстациянын өкүмүн күчүндө калтырышын өтүнөм”.

Чубалган батир чуусу

Өмүралиев коргоо министри болуп 2011-2014-жылдары да иштеген. Ошол кезде ага “каржы бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 5 миллион сомду чарбалык субъектиге максатсыз бөлгөн” деген айып тагылган. Ошондой эле ал мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келтирилген деп күнөөлөнгөн.

Ага карата "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол кездеги маалымат боюнча, Өмүралиев “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы менен Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу боюнча 2013-жылы келишимге кол койгон. Ал 133 млн. 200 миң сомго бааланган. Кийин иштин көлөмү көбөйүп кеткенин белгилеп, “Аскер курулуш” ишканасы министрлик менен дагы бир келишим түзгөн. Мунун айынан курулуштун сметасы негизсиз 221 млн. 100 миң сомго көбөйгөн. Ортодо аткаруучу компанияга мыйзамсыз 219 млн. сомго жакын каражат которулганы аныкталган. Келишимде көрсөтүлгөндөн 107 млн. 325 миң сомдон ашуун каражат ашыкча которулуп, мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келтирилген.

Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) жана аскердик прокуратура жүргүзгөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүралиев күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыппул салынып, генерал-майор наамынан ажыратылган.

Өмүралиев ошол кезде соттун бул өкүмдөрүнө макул эместигин айткан. Ал Генералдык штабдын башчылыгына 2020-жылы 9-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалган.

Кызматка келгенден кийин ага байланышкан сот иштери 13-октябрда Биринчи май райондук сотто каралып, акталып чыккан.

Таалайбек Өмүралиев Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин кетпей, жаңы бийлик менен иштеп калды. Ал эми февраль айында Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлгөндө Улукбек Мариповдун өкмөтүндө коргоо министри кызматына дайындалды. Ошондо да ага анын сот иштери тууралуу суроолор берилген.

Мыйзамга ылайык, соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштей албайт. Өкмөттүн басма сөз кызматы Өмүралиевге байланыштуу 10-марттагы Бишкек шаардык сотунун чечими аларга келе электигин билдирүүдө.

Аскер эксперти Мурат Бейшенов Өмүралиевдин кызматты тууралуу буларды айтты.

“Эми муну президент чечет. Менимче аны кызматынан убактылуу четтетет. Өмүралиев Жогорку сотко кайрылбай, шаардык соттун чечими менен макул болсо анда анын соттуулугу бар болуп калат. Кызматта турушуна укугу жок. Ал эми аны Жогорку сот актаса башка кеп”.

Ошол эле учурда Өмүралиевди күчтүү аскер башчы катары сыпаттагандар да четтен чыгат. Алардын бири - аскердик маселелер боюнча эксперт Токтогул Какчекеев:

Токтогул Какчекеев.
Токтогул Какчекеев.

“Мен Коргоо министрлигинин байкоочу кеңешинин жетечиси болгом. Ошол чатактын баары көз алдымда өткөн. Талаш-тартыштар болгон. Ыгы келгенде үй алып калайын деп жаңжал салгандардын аркасы менен чуу чыккан. Таалайбек Өмүралиев ошол кырдаалды кесипкөйлүүлүк менен жөнгө салган. Анын аскер башчысы катары тажрыйбасы көп. Ооган согушуна катышкан. Орусияда кызматта иштеген”.

Коргоо министрлигиндеги “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын тегерегинде чуулуу иштердин аягы үзөлө элек. Ишкана аткарган курулуш иштери жана ага жумшалган каражаттарга байланыштуу башка да кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин ишкананын жетекчиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен колго түшкөнү кабарланган. Мындан тышкары аскер жайларындагы кампаларды ремонтто иштеринде коррупциялык иштер бар экени айтылган.

Башкы прокуратура Өмүралиев менен чогуу мекеменин бир катар кызмат адамдарына да кылмыш ишин козгогон. Алардын иши да 10-мартта шаардык сотто каралып эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, жазык жоопкерчилигинен бошотулушкан.

Бирок талдоочулар ал иштердин көпчүлүгү сотко чейин же соттон кыскарып кеткен учурлар арбын экенин белгилеп келишет.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев улам өзгөргөн сот чечимдерин сынга алды.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Соттордун чечими саясий туруксуздукка себеп болууда. Бир туруп актап коюшат. Ал эми Жогорку сотто “жаңы ачылган жагдайлар болду” деп кайра карап койгон учурлар көп болуп жатпайбы. Ушундай маселелер элдин нааразылыгын жаратат. Бул Таалайбек Өмүралиевдин эле маселеси эмес. Жалпы коомдун көйгөйү. Бул жер кош стандарттулук эмес, үч-төрт стандарт орун алууда”.

2015-жылы Коргоо министрлигин жетектеген Абибилла Кудайбердиевге да кылмыш иши козголгону белгилүү. Аскер прокуратурасы ага “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук” жана “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, министр баштаган кызмат адамдары 12 млн. сом зыян келтиргени аныкталган.

XS
SM
MD
LG