Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Мурдагы министр аскердик наамынан ажырады


Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев.
Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен генерал-майор аскердик наамынан ажыратылды. Ал тагылган эки айыптын бири боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге карата чечимди Биринчи Май райондук соту 22-декабрда чыгарган. Бирок бул туурасында маалыматты Жогорку Сот 25-декабрда гана таратты.

- Таалайбек Өмүралиев 305-берененин экинчи бөлүгүнүн экинчи пункту боюнча "анын ичинде кылмыштын курамы жок" деген чечим менен акталды. 304-берененин экинчи бөлүгүнүн төртүнчү пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыппул салынып, генерал-майор наамынан ажыратылды, - деп билдирди "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына караганда, Таалайбек Өмүралиев коргоо министри болуп турганда каржы бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 5 миллион сомду чарбалык субъектиге максатсыз бөлгөнү аныкталган.

Андан тышкары аталган министрлик менен “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу боюнча 2013-жылы келишимге кол койгон. Ал 133 млн. 200 миң сомго бааланган. Кийин иштин көлөмү көбөйүп кеткенин белгилеп, “Аскер курулуш” ишканасы министрлик менен дагы бир келишим түзгөн. Мунун айынан курулуштун сметасы негизсиз 221 млн. 100 миң сомго көбөйгөн. Ортодо аткаруучу компанияга мыйзамсыз 219 млн. сомго жакын каражат которулганы аныкталган. Келишимде көрсөтүлгөндөн 107 млн. 325 миң сомдон ашуун каражат ашыкча которулуп, мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келтирилген.

Тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы кызматы жана аскердик прокуратура тарабынан иликтенген.
Башкы прокуратура учурда соттун чечимин расмий ала электигин жана өкүмдүн биринчи бөлүгүн апелляцияга берер-бербеси азырынча анык эмес экенин айтат.

- Азыр чечим чыкты, бирок чечимдин кагазы мамлекеттик айыптоочулардын колуна тие элек. Колго тийгенден кийин ал каралат, иликтенет. Андан соң гана чечим кабыл алынат, - деди Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Алманбет Абдраманов.

"Азаттык" радиосу Таалайбек Өмүралиевдин жактоочусу Юлия Богданова менен байланышканда ал өкүм колуна тие электигин, бирок анын үстүнөн доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын кабарлады.

- Биз өкүмгө макул эмеспиз. Сот бүткөндөн кийин жогорку инстанцияларга даттанабыз деген пикирге келгенбиз. Таалайбек Өмүралиев өзү сот жараянына катышты. Ал учурда Кыргызстанда эле жүрөт.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге эки жыл мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

Буга чейин 2005-2007-жылдары коргоо министри болгон Исмаил Исаков Өмүралиевдин жемкорлукка барганына ишенбесин "Азаттыкка" билдирген эле. Ал кызматтан кеткен коргоо министрлерине козголгон кылмыш иштеринин артында саясий оюн бар деп сыпаттаган:

- 2013-жылы Эсеп палатасы менен Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигин толугу менен текшерген. Бирок эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Министр баштаган аскер кызматчылары акча жеди дегенге мен эч ишенбейм. Анткени алар андайга барбайт, таза кишилер. Мыйзам да жол бербейт болчу. Менимче, бул жакта президентке каршы саясат жүрүп жатат. Себеби Коргоо министрин президент дайындайт да.

Ал эми аскердик маселелер боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Коргоо министрлиги чарбалык иштерге аралашпай, өлкөнүн коопсуздугун гана коргошу керек деген оюн ортого салган.

- Министрликтин чарбалык маселелерин чече турган түзүм өкмөттө өзүнчө болсо жакшы болмок. Ал эми Коргоо министрлиги аскерлерди даярдоо, коопсуздукту камсыздоо менен алектениши шарт. Анын үстүнө министрликке жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Коңшу өлкөлөрдө аскер кызматчыларынын айлыгы жогору. Бизде абдан эле төмөн. Коррупцияга жол ачкан негизги факторлор ушулар.

Таалайбек Өмүралиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал 2011-2014-жылдары коргоо министри кызматын аркалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG