Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Коргоо министрлеринин колу таза эмеспи?


Мурдагы коргоо министрлери Таалайбек Өмүралиев менен Абибилла Кудайбердиев.
Мурдагы коргоо министрлери Таалайбек Өмүралиев менен Абибилла Кудайбердиев.

Аскер прокуратурасы мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге 5 млн. сомду мыйзамсыз сарптаган деген кине боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга чейин анын ордуна келген Абибилла Кудайбердиевге да иш козголуп, кызматтан алынган.

Таалайбек Өмүралиевге карата "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматында, Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасына 5 млн. сомду мыйзамсыз которгон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Прокуратура экс-министрден башка мекеменин бир катар кызмат адамдарына да кылмыш ишин козгоду.

Бирок кезинде коргоо министри болгон Исмаил Исаков Өмүралиевдин жемкорлукка барганына ишенбейт. Ал кызматтан кеткен коргоо министрлерине козголгон кылмыш иштеринин артында саясий оюн бар деп эсептейт.

- 2013-жылы Эсеп палатасы менен Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигин толугу менен текшерген. Бирок эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Министр баштаган аскер кызматчылары акча жеди дегенге мен эч ишенбейм. Анткени алар андайга барбайт, таза кишилер. Мыйзам да жол бербейт болчу. Менимче, бул жакта президентке каршы саясат жүрүп жатат. Себеби Коргоо министрин президент дайындайт да.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Аскер прокуратурасы менен бирге Өмүралиевдин ордуна келген министр Абибилла Кудайбердиевге, анын орун басарына, министрликтин каржы башкармасына жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Куваныч Колхожоевге да “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук” жана “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, министр баштаган кызмат адамдары 12 млн. сомду кымырып алганын жар салган. Президент Алмазбек Атамбаев Кудайбердиевге иш козголору менен аны иштен алган.

Президент кадр тандоодон адашканбы?

Саясатчы жана жарандык активист Адил Турдукулов президент өзү түздөн-түз дайындаган министрлердин жемкорлукка малынышы башкы кол башчынын тандоодон жаңылганын далилдейт деген ойдо.

- Кыргызстандын башкы командачысы катары Коргоо министрлерин президент дайындайт да. Анан ал ишенген кадрлар ушундай коррупцияга аралашып жатышы башынан эле тандоо туура эмес болгонун билдирет. Мен эки жыл мурда эле бул мекемедеги жемкорлук тууралуу айткам, бирок реакция болгон эмес. “Аскер курулуш” мамлекеттик ишкана болгону менен бир гана министрдин айтканын кылат.

Ушул жылдын сентябрында “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси УКМК кызматкерине 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен колго түшүп, кылмыш иши козголгон. Андан көп өтпөй ага аскер жайларындагы кампаларды кайра ремонттон өткөрүү иштерине жана башка курулуш объекттери үчүн бөлүнгөн акчадан кымырып, мамлекетке миллион сомдон ашуун зыян келтирди деп дагы бир иш ачылган.

“Өлкөнү коргоого жетиштүү каражат бөлүнбөйт”

Коргоо министрлиги чарбалык иштерге аралашпай, өлкөнүн коопсуздугун гана коргошу керек. Мындай оюн аскердик маселелер боюнча эксперт Токтогул Какчекеев ортого салды. Айтымда министрликке керектүү каражаттын бөлүнбөй жатышы аскер башчылардын казынага кол салуусуна себеп болушу ыктымал.

- Министрликтин чарбалык маселелерин чече турган түзүм өкмөттө өзүнчө болсо жакшы болмок. Ал эми Коргоо министрлиги аскерлерди даярдоо, коопсуздукту камсыздоо менен алектениши шарт. Анын үстүнө министрликке жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Коңшу өлкөлөрдө аскер кызматчыларынын айлыгы жогору. Бизде абдан эле төмөн. Коррупцияга жол ачкан негизги факторлор ушулар.

Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары коргоо министри кызматын аркалаган. Абибилла Кудайбердиев бул кызматта 2014-жылдын 4-апрелинен бери иштеп келген. Өкмөттүн жаңыртылган түзүмү боюнча учурда министрлик коргоо иштери боюнча комитет катары гана иш жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG