Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Ворух анклавы талкуунун бутасына айланды


Ворух анклавы.
Ворух анклавы.

Тажикстандын Ворух анклавын алмашуу тууралуу расмий Бишкектин сунушу Тажикстанда талкуу жаратты.

Коңшу өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи бул маалыматты жарыялаган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди.

Чекист менен мурдагы министрдин кайым айтышуусу

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп кайтарып, чагымга алдырбоого чакырды. Атайын кызматтын жетекчиси бул тууралуу 1-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына төмөнкүлөрдү жазды.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«“Фейсбук” аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, тажикстандык аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттик чек ара маселеси боюнча мен тууралуу өзүнүн таарынычын жазыптыр. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок. Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр?», - деп жазды Ташиев.

Камчыбек Ташиев 26-мартта Бишкекте басма сөз жыйынында Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин билдирген. Алар: кыргыз тарап Ворухтун аймагын ченейт жана мындан ары ал чоңойтулбайт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол берилет. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтөт. Экинчиси – 12 миң гектардай аймакты түзгөн Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашуу. Бул сунуштарга расмий Дүйшөмбү жооп бере элек.

Ворух анклавынын тагдырын жер алмашуу менен чечүү жөнүндө Бишкектин билдирүүсү Тажикстанда талкууга жем таштады.

Ушул маселеге байланыштуу 30-мартта publizist.ru деген порталга Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин кенен пикири жарыяланды. Анда ал Камчыбек Ташиевдин саясий жолун сөз кылып, Жогорку Кеңештин имаратынын кашаасынан секирип түшкөнүн эске салган. Ошондой эле «Ворух жери - Тажикстандын аймагы» деп, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун билдирген.

Хамрохон Зарифи 1-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына Камчыбек Ташиевдин ага карата жообуна кайра жооп жазды.

«Ворухту темир дубал менен жаап же анын тургундарын өз жеринен, кылымдар бою алардын ата-бабаларынын сөөгү көмүлгөн жерден тарыхый мурасын талкалап кууп чыкса болобу? Элимдин бир бөлүгүнүн тагдыры жөнүндө ушунчалык адамкерчиликсиз сүйлөп, маселени чечүүнүн күлкүлүү жана акылга сыйбаган жолдорун сунуштаган кантип болсун? Ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдүн бардык этикалык нормаларын бузуп, анын мазмунун башка тарап менен макулдашпай туруп пресс-конференцияда ачыкка чыгарууга мүмкүнбү?», - деп жооп берди.

72 жаштагы дипломат Хамрохон Зарифи 2006-2013-жылдары Тажикстандын тышкы иштер министри болуп иштеген.

Дүйшөмбүнүн добушу угулабы?

Анын соңку билдирүүлөрү Кыргызстанда да талкуу жаратып, айрымдар анын сөздөрүн Ворух анклавын алмашуу тууралуу Бишкектин сунушуна расмий Дүйшөмбүнүн жообу катары баалап жатышат.

Чек ара маселелерин көтөрүп келаткан жарандык активист Бекназар Айталиев коңшу өлкөнүн мурдагы чиновнигинин билдирүүлөрү тууралуу мындай деди:

«Тажикстанда, Өзбекстанда активисттер өз алдынча пикир билдире албайт. Ал эми мурда тышкы иштер министри болгон кишинин өз өлкөсүндө саясий бедели бар жана анын сөзү коомдо резонанс жаратат. Ал адам дипломат катары ар бир сөзүн ойлонуп туруп сүйлөйт. Демек, ал муну бийликтин көрсөтмөсү менен эле айтып жатат».

16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн. Кийинки жолугушуу эми апрель айында Бишкекте болору кабарланган.

Ал арада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы тууралуу сөзү бул мамлекеттин жарандары арасында тынчсыздануу жараткандыктан Ворухка барганы жатат. Бул тууралуу «Озоди» тажик кызматы кабар жазып, бейрасмий маалымат боюнча Рахмондун сапары 4-апрелге дайындалганын билдирди.

Тажикстандагы саясат талдоочу Парвиз Муллоджанов «Азаттыктын» тажик кызматына эки өлкөнүн чек ара маселелерин чечүү тууралуу расмий Бишкектин сунушу жөнүндө пикири менен бөлүштү.

Парвиз Муллоджанов.
Парвиз Муллоджанов.

«Бишкек сунуштап жаткан эки вариант тең Тажикстан үчүн пайдалуу эмес. Мындай сунуштар адатта жеңишке жеткен же мүмкүнчүлүктөр менен ресурстардагы олуттуу артыкчылык сезилген тапта берилет».

Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Анклавда 40 миңдей адам жашайт. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси чечилмейинче Кыргызстандан бир литр да күйүүчү май Тажикстанга өтпөй турганын жана ушундай эле чара бардык продукцияларды ташууда колдонулуп жатканын айткан.

Кыргызстандын коңшулар менен чек арасы

Кыргызстан жакында эле Өзбекстан менен чек ара көйгөйү 100% чечилгенин жарыялаган. Ушуну менен Кыргызстан коңшулары Казакстан, Кытай, Өзбекстан менен чек ара тилкелерин тактап алды. Тажикстан менен гана маселе чечилбей турат.

«Эгемен мамлекет болгондон кийин чек арабызды аныктап алышыбыз керек. Кечигип жатабыз, бирок азыр жакшы иштер болуп жатат. Кыргызстандын, ошол аймакта жашаган кыргыздардын кызыкчылыгын эске алып, өзүбүздүн бир карыш жерибизди бербей туруп мунасага келишибиз керек. Чек ара маселесин чечип албаса, ал күндөн-күнгө курчуй берет. Кыргызстан менен Тажикстан мунасага келсе, ал эки элге тең жакшы», - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Назарали Арипов.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан.

XS
SM
MD
LG