Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Президент Эмомали Рахмон Ворух анклавына келет


Президент Эмомали Рахмондун Тажикстандын аймактарын кыдыруу учурунан.
Президент Эмомали Рахмондун Тажикстандын аймактарын кыдыруу учурунан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келишинин себеби Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аталган анклав тууралуу билдирүүсү бул мамлекеттин жарандары арасында тынчсыздануу жаратканы менен байланыштуу. Бул тууралуу "Озоди" тажик кызматы кабар жазды.

Өткөн жумада Ташиев Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Кыргызстандын жетекчилиги Баткен облусунун башка тилкесинен 12 миң гектар жерге алмашуу сунуштаганын айткан болчу.

Тажикстандын президентинин маалымат катчысы Абдуфатто Шарифзода Эмомали Рахмон Исфарага, андан ары Ворух анклавына бара турганын 31-мартта “Азаттык” радиосунун тажик кызматына ырастады. Бирок, азырынча президенттин Ворухка качан барары жана сапардын күн тартиби белгисиз.

Бейрасмий түрдө Рахмондун Ворухка сапары 4-апрелге дайындалганы айтылып, бирок расмий тастыктала элек.

Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 26-марттагы маалымат жыйынындагы билдирүүсү Ворухтун айланасындагы ар кандай мүнөздөгү талаш-тартышка жана талкууга жем таштаган.

Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.

Камчыбек Ташиев чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө бул анклавды 12 миң гектар жерге алмашуу сунушуна Тажикстан тарап жооп кайтара электигин айткан.

Тажикстандын бийлиги расмий жооп айта элек болгону менен тажик коомунун өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу Ворухту Кыргызстанга жер алмашып болсо да алмашууга каршы экенин жазып чыгышкан.

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:39 0:00
Дагы караңыз

XS
SM
MD
LG