Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:46

Айкынов: Чек араны чеччү дипломаттар жок


Хаитали Айкынов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды кантип жөнгө салса болот? Акыркы окуялардан улам жергиликтүү элдин бийликке карата маанайы кандай болуп жатат? Стратегиялык кандай тажрыйбаларга таяныш керек?

«Азаттыктын» ушул жана башка суроолоруна жарандык активист, эксперт Хаитали Айкынов жооп берди.

«Азаттык»: - Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу улам эле кайталанып жатпайбы. Мунун токтотуш үчүн кандай кадамдарды жасаш керек жана эмне жетпей жатат?

Хаитали Айкынов: - Мамлекет аралык чек араны тактоо - өтө кыйын иш. Бир тараптуу эле аракеттер жасалса аны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бирок бул маселени чечүүдө дипломатиялык чеберчилик, сүйлөшүүлөрдүн тактикасын, стратегиясын туура баамдоо деген нерсе болбой жатат. Тарыхта белгилүү болгондой эле чечен, иш билги дипломаттар мындай маселени чечүүгө чоң өбөлгө болуп келген да. Ал эми биздин учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн паритеттүү комиссия колдо болгон маалыматтардын негизинде эле өз деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай жатат окшойт. Себеби, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга барган адамдардын бардыгы эле дипломат эмес. Азыркы түзүлгөн кырдаалда тажиктер менен сүйлөшүш үчүн алардын бардык өңүтүн, ички көйгөйлөрүн билген, бир маселени койсо экинчисин айттырбай чечкен кыраакы адам жок болуп жатпайбы.​

Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

«Азаттык»: - Эгерде мындай кырдаал тынымсыз эле улана берсе, чек ара жак тынчыбаса жергиликтүү элдин бийликке болгон маанайы кандай өзгөрөт? Бул элдин жашоосуна кандай таасир этет?

Хаитали Айкынов: - Бул чырлар улам создугуп, маселе чечилбеген сайын Баткенде жашаган элдин бийликке болгон ишеними улам азайып баратат. Мисалы, вице-премьер-министр келип-кетип эле жатпайбы. Чек арадагы Аксай, Самаркандек, Ак-Татыр айылындагы 30 миңден ашуун эл азыр ал келип, бир маселени чечерине деле ишенбей калды.

Анан эми ошол жактагы элдин ордуна ар бирибиз өзүбүздү коюп көрүшүбүз керек. Түн ортосунда тополоң чыкса коопсуз жакка элди көчүрүп, бала-бакыраны коргоп калыш керек деп жан үрөшөт да. Ушуга дейре Баткен шаарына чейин эл качып барган учурлар болгон. Бир жумалап, он күндөп талаа-түздө жашап, анан кайтып барып атат. Ушунун баары элдин моралдык-психологиялык абалына өтө чоң зыян келтирип жатат.

«Азаттык»: - Абалды жөнгө салыш үчүн тактикалык эмес, стратегиялык кадамдарга азыр ошол сиз айткан дипломаттар эле жетишсизби? Себеби, эл арасында «чек арадагы жолду бууп салышса болмок, тажик тарапты таптакыр өткөрбөш керек эле» дегендер да чыгып жатпайбы?

Хаитали Айкынов: - Жараткан бизди коңшу кылып койгондон кийин жолду тосуп койсо эле маселе чечилбейт. Биргелешип жашоонун эл аралык нормалары бар да. Маселен, Ворух анклавын эле эч кимди чыгарбай тосуп алсак туура эмес болуп калбайбы. Азыр мунай мыйзамдуу, мыйзамсыз ушул чек ара аркылуу кирип жатат, тажик тарап бизден көмүр, цемент алып жатат. Мунун баары муктаждыктан улам ишке ашууда.

Товардын баары эле мыйзамдуу эмес, аткезчилик менен да келип-кетүүдө. Анан калса ушул аймактагы суунун башы Кыргызстанда, көбүн пайдаланган тажик тарап болуп турат. Ушул карым-катыштын баарын кыркып, тосуп коюш мүмкүн эмес. Буга кошумча жолдун аркы өйүзү коңшу өлкөнүн аймагы же бирөөнүн дубалы да чек арага кирип калышы мүмкүн. Мындай талаштуу жерлерди алмаштырса болот. Өзбекстан менен бул тажрыйба жакшы жемишин берген. Кыскасы, эл аралык тажрыйбадагы чек араны тактоого байланыштуу бардык тажрыйбаны колдонушубуз керек деп ойлойм.

«Азаттык»: - Сиз айтып жатпайсызбы, «бизде бул талаш-тартыштарды чече билген кыраакы дипломат жок» деп. Тажик тараптагы абалды байкадыңызбы? Алардын бийлик органдарында ошондой дараметтүү адистер барбы?

Хаитали Айкынов: - Тажик тарапта адис жок деп айтууга болбойт, албетте, бар. Аларда ушул талаштуу Ворух, Чорку, дегеле Исфара району менимче, Тажикстандагы эң көйгөйлүү аймак болуп саналат. Бул аймакта кыйынчылыктар аябай көп. Биринчиден, эл өтө тыгыз, Ферганадагы калкы эң көп жер эмеспи. Элинин маселесин албетте, алар чечип жаткандыр. Алар эми кээде өз кызыкчылыгын көздөп, чек ара маселесин мүмкүн болушунча өз ыңгайына жараша чечүүгө аракеттенет да. Мамлекет аралык комиссиянын жумушчу тобунун мүчөлөрү менен сүйлөшүп калсаң, ушул маселени чечүүгө аз калганда эле «жогору жак менен макулдашышыбыз керек» деп жылдырып коюп жатышпайбы. Ушундан улам кырдаал ого бетер татаалдашып жатат да.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG