Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Чек арада түн тынч өттү


Баткен милициясы. Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.
Баткен милициясы. Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, түнү бою Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагын милиция жана чек ара кызматкерлери көзөмөлдөштү.

- 10-январга караган түнү, 11-январь түнкү саат 02:00 чамасында Көк-Таш айылында туш келди ок атылган. 12-январга өткөн түнү тынч болду. Милиция белгиленген маршрут боюнча кезметте болду. Азыр абал салыштырмалуу туруктуу, - деди Дамира Юсупова.

11-январда «чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды» деген кине менен милиция Көк-Таш айылынын алты тургунун кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын экөөнү коё берген.

Милициянын маалыматына караганда азыр Ош-Баткен-Исфана автожолу ачык.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG