Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

COVID-19: Тажикстан Кыргызстан менен чектеш жерлерге аң каза баштады


Былтыр эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Былтыр эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Тажик бийлиги коронавирустун сырттан келишинин алдын алып Кыргызстан менен чек араларына аң казып жатат. Бул тууралуу "Азия-Плюс" маалымат агенттиги Согди облусунун Гафур районунун башчысы Зариф Назарга шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, аталган райондун Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен 17 жеринде аң казылды. Ошондой эле чек ара өткөрмө бекеттеринде, чек аралаш аймактарда көзөмөл күчөтүлдү, видеокамералар коюлду.

"Биз эки тарапка каттаган бардык жолдорду буудук. Чек ара толугу менен жабык, коңшу тараптан мыйзамсыз өтүп келген учурлар эми болбойт", - деп билдирди Зариф Назар "Азия-Плюс" агенттигине.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жерден улам эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуулар маал-маалы менен катталат. Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкелер болуп саналат.

Былтыр эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай - Ворух аймагында жолугуп, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бирок андан бери чек ара маселеси чечүү илгерилей элек.

XS
SM
MD
LG