Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ОИИБ: Баткенде чек ара тынч, жолдор ачык


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жер. Көк-Таш айылы.
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жер. Көк-Таш айылы.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы коомдук абал тынч, Ак-Сай-Ворух жолунда автоунаа каттамдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, аймакта эки өлкөнүн ички иштер органдары чогууп кайгуул жүргүзмөкчү. Мындай келишим Баткен ОИИБнын башчысы А. Мамасейитов, Баткен РИИБнин жетекчиси А.Шагамурзаев менен коңшулаш Тажик Республикасынын Согди ОИИБнын башчысы А.Навджувонов, Исфара-2 РИИБнин жетекчиси Ш. Фирдаус менен жолугушкан учурда жетишилди.

Жолугушуу 17-декабрда Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылында болду. Анда эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чогуу иштөө, чек ара тилкелеринде кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча сүйлөштү.

16-декабрда кечки саат 20:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай - Ворух жолун тосуп чыгышкан. Буга Ак-Сай айылынын Бакай участогунун тургунунун сегиз айлык эки тайы уурдалып, коңшулаш Тажикстанга өтүп кеткендиги себеп болгон. Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн коңшулаш Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп, сүйлөшүп, маселени чечүүгө убада беришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG