Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

«Коронавирус жок» деген Түркмөнстандагы британдык элчи бул илдеттен «айыгышы керек» экенин айтты


Улуу Британиянын Ашгабаттагы элчиси Хью Филпотт «түркмөн талаасы» катары артында көрсөтүлгөн жасалма фондо туруп, түркмөн тилинде обондуу ырды аткарууда.
Улуу Британиянын Ашгабаттагы элчиси Хью Филпотт «түркмөн талаасы» катары артында көрсөтүлгөн жасалма фондо туруп, түркмөн тилинде обондуу ырды аткарууда.

Улуу Британиянын Түркмөнстандагы элчиси Хью Стэнли Филпотт 16-декабрда өзүнүн «Твиттердеги» барагында коронавирустан айыгышы керек экенин жазды. Түркмөнстандын авторитардык бийлиги өлкөдө «COVID-19» илдети жайылгандыгын таптакыр танып келет.

Ал эми 2018-жылдын ноябрынан бери Ашгабатта британ элчиси болуп иштеп келе жаткан Филпотт мырза «YouTube» интернет барагында өзүнүн түркмөн тилинде ырдап жатканы чагылдырылган видео тасма тууралуу сөз кылган.

Элчи Филпотт өзүн обондуу ырларды ырдаганга ышкыбоз киши жана дипломат катары тааныштырган жана илдеттен сакайып калганын кыстарып айта кеткен.

Саал кийинчерээк ал Улуу Британиянын мурдагы элчиси Робин Орд-Смитке «Твиттер» аркылуу жооп жазып, өзүнүн коронавирустан толук айыгып кетиши керек экенин эскерткен.

Бул кыйыр маалымат Түркмөнстандагы коронавирус жаатындагы кырдаалды көрсөтөт. Бул өлкө өз аймагында коронавируска чалдыккан бир да учурду Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) расмий каттатпай келген дүйнөдөгү 15 өлкө менен аймактын бири болуп саналат. «Бул оору бизде жок» деп билдирген башка мамлекеттердин жана аймактардын көпчүлүгү Тынч океандагы сырткы дүйнөдөн кыйла обочо аралдарда жайгашкан.

Бирок быйыл август айында ДССУ Түркмөнстанда өнөгөсүз өпкө оорусунун учурлары кескин көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирген болчу. Антсе да бул уюм өлкөдө коронавирус бар же жок экендигин өз алдынча текшериш үчүн расмий Ашгабаттан уруксат ала албай келет.

Ал эми беткапты тагынуу зарылдыгын түркмөн биийлиги «каптап жаткан чаңга каршы арга» катары түшүндүргөн. (TT)

XS
SM
MD
LG