Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Түркмөнстанда COVID-19 белгилери менен 15 бейтап каза болду


Жугуштуу оорулар бейтапканасы. Ашгабат шаары. Түркмөнстан. Иллюстрациялык сүрөт.

11-12-декабрь күндөрү коронавирустун белгилери менен Түркмөнабад шаарындагы ооруканаларда жаткан 15 бейтап каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

«Түркмөнабаддагы шаардык инфекциялык оорукада күн өткөн сайын COVID-19дун белгилери менен жаткырылгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. 12-декабрда бул медициналык жайда сегиз киши көз жумду», — деди шаардагы тез жардам кызматынын дарыгери. Анын айтымында, 11-декабрда да шаардагы ооруканаларда дарыланып жаткан жети киши каза болгон.

«Мындан тышкары коронавирустун белгилери бар 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Аларга да пневмония диагнозу коюлду», - деди дарыгер.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жуккан бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 15-декабрга карата берген маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 73 803 320 киши коронавирус илдети менен ооруду. Анын ичинен 1 641 440 киши оорудан көз жумду. 51 813 957 адам сакайып чыкты.

Коронавирус 2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында алгачкы жолу катталган. Бул аралыкта илдет дүйнөдөгү 220 өлкөнү каптады.

XS
SM
MD
LG