Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Тажикстанда оппозициячыл саясатчынын иниси да кармалды


Махмурод Одинаев.
Махмурод Одинаев.

Тажикстанда Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары, камакта отурган Махмурод Одинаевдин иниси Зулфикор Одинаев кармалды. Туугандары билдиргендей, ал Гиссардын ички иштер бөлүмүнүн кармоочу жайында 10 күндөн бери отурат. Алар экөөнө тең адвокат берилбегенин, кандай айып коюлганы бегисиз болуп жатканын айтып, Зулфикор Махмурод Одинаевдин жардамчысы да экенин кошумчалашты.

Саясатчы 20-ноябрда «Фейсбукка» жайгаштырган постунда Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүүгө партиянын атынан уруксат сураган. Ошондон кийин анын дайыны чыкпай калган.

Жакындары милицияга бир нече жолу кайрылганын айтышат. Бирок Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирген. 5-декабрда Башкы прокуратура Одинаев баш калаада кармалганын моюнга алды. Расмий маалымат боюнча ал октябрдын этегинде Гиссардагы аскердик жайда бейбаштык кылган.

Социал-демократтар партиясы - Тажикстандагы жападан-жалгыз оппозициялык партия.

Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан президент Эмомали Рахмон оппозициячыл саясий топторду, укук коргоочуларды, эркин журналисттерди куугунтуктагандыгы үчүн сындалып жүрөт.

XS
SM
MD
LG