Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

АКШ Сенатынын республикачыларынын лидери МакКоннел Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктады


14-декабрда АКШнын Шайлоочулар коллегиясы демократ Жо Байдендин (солдо) 3-ноябрдагы шайлоодогу жеңишин расмий тастыктады. Атаандашы, президент Доналд Трамп «добуш бурмалоо арбын болду» деген доолорун сот аркылуу тастыктай алган жок.
14-декабрда АКШнын Шайлоочулар коллегиясы демократ Жо Байдендин (солдо) 3-ноябрдагы шайлоодогу жеңишин расмий тастыктады. Атаандашы, президент Доналд Трамп «добуш бурмалоо арбын болду» деген доолорун сот аркылуу тастыктай алган жок.

АКШ Сенатында учурда көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиясынын лидери Митч МакКоннелл 15-декабрда демократ Жо Байденди АКШнын президенти болуп шайланышы менен расмий куттуктады.

«Бүгүн мен шайланган президент Жо Байденди куттутагым келет», – деп МакКоннел Сенаттагы отурумда сүйлөдү. Ал ошондой эле вице-президент болуп шайланган Камала Харрис айымды да куттуктап өттү.

Сенатор Митч МакКоннелл. Вашингтон. 2020-жылдын 25-марты.
Сенатор Митч МакКоннелл. Вашингтон. 2020-жылдын 25-марты.

Сенатор Митч МакКоннелл Шайлоочулар коллегиясы Байдендин 3-ноябрдагы жеңишин расмий тастыктаган соң дал ушундайча куттуктоого барды, ал эми республикачыл президент Доналд Трамп дагы эле өзүнүн жеңилгенин мойнуна албай келет.

15-декабрда Жо Байден Жоржия штатына келип, алдыдагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасына катышып жаткан демократтардын эки талапкерине - Рафаэл Уорнок менен Жон Оссофф мырзаларга колдоо көрсөттү. Эгерде алар мындагы эки орунду 2021-жылдын 5-январындагы экинчи айлампанын натыйжасында ээлей алышса, анда демократтар Сенаттагы орундарды республикачылар менен теңме-тең бөлүшүп калат. Андай жаңы кырдаалда шайланган вице-президент Камала Харристин добушу гана Сенаттагы тең салмакты өзгөртүп калат. Ал эми АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы эмитен эле демократтардын көзөмөлүндө калды.

Байден 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясынын 306 мүчөсүнүн добушуна ээ болду, ал эми президент Трамп болсо 232 гана добуш алууга жетишти. Алдыдагы күндөрдө бул расмий жыйынтык жер-жерлерден Вашингтонго жиберилмекчи.

Бул жыйынтык 2021-жылдын 6-январында АКШнын Конгрессинин эки палатасынын орток отурумунда расмий жарыяланат. Мыйзамга ылайык, АКШнын азыркы вице-президенти Майк Пенс Конгресстин биргелешкен отурумуна төрагалык кылмакчы.

Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жетекчилери буга чейин эле Жо Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. Ал өзү болочок өкмөттүн курамын түзүү боюнча камылгаларга эмитен киришип жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG