Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Венгрияда бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга тыюу салынды


ЛГБТ парады. Будапешт, 6-июль, 2020-жыл.
ЛГБТ парады. Будапешт, 6-июль, 2020-жыл.

Венгрия парламенти бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга иш жүзүндө тыюу салган мыйзамды жактырды. Премьер-министр Виктор Орбандын улутчул партиясы үстөмдүк кылган парламент 15-декабрда документти 134 добуш менен колдоду, 45 депутат каршы болду, бешөө арабөк калды.

Мыйзам долбооруна ылайык, баланы расмий никеде турган жуптар гана асырап ала алат. Жалгыз бой адамдар тиешелүү министрликтен атайын уруксат алууга тийиш. Венгрияда бир жыныстагы жарандардын расмий баш кошушуна жол берилбейт. Укук коргоочу уюмдар долбоорду катуу сындап келатышат.

Мыйзам чыгаруучулар Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү кабыл алып, «үй-бүлө эркек атадан жана аял энеден турат» деген аныктаманы киргизишти.

Буга чейин кумса жана лесбиян түгөйлөрдүн, алардын бирөө жалгыз бой катары арыз берсе, бала асырап алууга мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Орбандын партиясы барган сайын башкаруунун авторитардык ыкмаларына өтүп жатат. Партия христиандардын консервативдүү баалуулуктарын жактап, ЛГБТ маселелерине каршы болуп келатат.

XS
SM
MD
LG