Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ЮНИСЕФ, БУУ: Кыргызстан зомбулуктун жазасыз калышына чекит коюуга тийиш


ЮНИСЕФтин эн белгиси тартылган граффити. Иллюстрациялык сүрөт.
ЮНИСЕФтин эн белгиси тартылган граффити. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан кыз-келиндерге жана балдарга карата жасалган зомбулуктун жазасыз калышына чекит коюуга тийиш. Мындай маанидеги билдирүүнү ЮНИСЕФ, БУУнун Аялдар фонду жана Адам укуктары комиссариаты 15-декабрда таратты.

Билдирүүдө аталган эл аралык уюмдар бийликти гендерлик теңсиздиктин курмандыктарын коргоону колго алып, өзгөчө балдарга карата зомбулук жазасыз калышын токтотууга чакырышкан. Укук коргоо уюмдары жакында эле коомчулуктун нааразылыгын жараткан, Тоң районунда өспүрүм кызды узак убакыт бою зордуктап келген үч адамдын экөө сотто акталып, бирөөнүн жазасы жеңилдетилген учур эл аралык коомчулуктун да көзөмөлүндө экенин эскерткен.

Билдирүүдө: «Балдардын укуктары жана башка адам укуктары тууралуу конвенциянын талаптарына ылайык иликтөө жүргүзүлүп, бардык күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын алышы керек. Бийлик адилеттикти калыбына келтирип, жабырлануучуну толук реабилитациялоого тийиш. Кыздарга жана аялдарга каршы зомбулук кылгандар мыйзам алдында жазасыз калбашын билиши үчүн соттук териштирүүлөр жана өкүмдөр адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык, калыс чыгарылышы керек», деп жазылган.

Мындан тышкары Тоңдогу окуянын калыс каралышы Аялдар менен кыздардын укуктары тууралуу Бээжин декларациясынын 25 жылдыгына жана ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмүнүн эки жылдыгына карата чечкиндүү аракет болушу зарыл экени жазылган.

11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын жазасын жеңилдеткен. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын айтымында, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актаган.

Кыздын адвокаты жана атасы судья Содонбековдун чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришти.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG