Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Прокуратура Союзбек Сарыковго байланыштуу фактыны иликтеп жатат


Сарыковго байланыштуу чырлуу видеодон алынган скриншот.
Сарыковго байланыштуу чырлуу видеодон алынган скриншот.

Башкы прокуратура интернетте тараган «Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков мас абалында сотко катышып, Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кетти» деген тасмага байланыштуу кызматтык иликтөөсүн баштады.

Башкы прокурор өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнө Сарыковго байланыштуу факты боюнча кызматтык териштирүүнү уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча берилген баа тууралуу кошумча маалымат болорун билдирди.

Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Союзбек Сарыков өзү Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кеткенин «Азаттыкка» тастыктап, аргасыздан ушул кадамга барганын айтты.

«Коопсуздугумдан коркуп качканмын. Ал жерде прокуратуранын бир да кызматкери жок эле. Мени коргоп кала турган кызматкерлер болгон жок. Жумушумду бүтүрүп, коридорго чыгып кетип баратканымда мага кол салышты. Корктум. Судьянын бөлмөсүнө качып кирип, судьянын уруксаты менен качып кутулганга аргасыз болдум», - деген Сарыков мас болгону тууралуу айтылган кептерди четке какты.

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда Интернетке тараган. Тасмада ал катышкан сот отурумундагы кишилер коридордо Сарыковду адилетсиздикке байланыштуу айыптап, урушуп, жулмалашканын көрүүгө болот. Ошондой эле отурумга мас абалында келгенин айтып, нааразылык билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG