Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

МПИ: Жактоочу Change.org платформасынын бөгөттөлүшү боюнча Жогорку соттун чечимин күтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Change.org сайты экстремисттик деп табылып, бөгөттөлүшүнө байланыштуу Жогорку сотко жазган арызы боюнча тиешелүү чечимди күтүп жатат. Бул тууралуу сайттын кызыкчылыгын коргоп жаткан «Медиа Полиси Институту» өз баракчасына жазды.

Бөгөттөө чечимин 2020-жылдын 3-сентябрында Октябрь райондук соту чыгарган. Ал чечимдин үстүнөн Жогорку сотко арыз 2-декабрда берилген. Жогорку сот чечим келип түшпөгөнүн билдирген.

16-июлга караган түнү жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк change.org онлайн-платформасы Кыргызстанда ачылбай калган. Мунун алдында сайтта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган эки петицияга кол топтоло баштаган. Сайт жабылганга чейин петицияларга 4 миңдей киши кол койгону кабарланган.

Кыргызстанда Интернет жеткирүүчү 70тен ашуун компания бар жана «Азаттык» алардын бир тобуна чалып, түшүндүрмө ала алган эмес.

Ошол кездеги президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маселе «президенттик аппараттын компетенциясына кирбей турганын, Байланыш комитетинен жооп алуу туура болорун» билдирген. Комитеттен ал күндөрү комментарий алууга мүмкүн болгон эмес.

Петицияларга кол чогултуу аянтчасы саналган change.org сайтынын бөгөттөлүшүн «Медиа Полиси Институту», «#RЕакция» кыймылы сыяктуу бир катар уюмдар жана активисттер айыптап чыгышкан. Алар муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG