Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Чүйдө өспүрүм өзүн атып мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Кемин районунда 2005-жылы төрөлгөн өспүрүм 13-декабрда өзүн өзү атып алып жарадар болгону тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын «Азаттыка» берген маалыматына караганда, жарадар болгон өспүрүм 15-декабрда каза болду.

Бул окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталып, Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, күбөлөр суракка алынууда. Маркумдун атасы тергөө маалында эки күн мурда уулу айылдан анча алыс эмес жайыттан курал таап алганын, куралды ал ичиндеги огун чыгарып, гаражга катып койгонун айткан.

Азыркы тапта баланын өлүм себебин аныктоого тийиштүү экспертизалар да тартылды. Окуя Кемин районунун Кызыл Октябрь айылында болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG