Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Бишкекте атайын билим берүүчү жайлар ачылмак болду


Мектептер март айынан бери аралыктан окутуу режиминде.
Мектептер март айынан бери аралыктан окутуу режиминде.

Бишкек мэриясы атайын бала бакчалар менен мектептерди ачууну чечти. Өзгөчө балдар окуган мектептерге, бала бакчаларга балдарын алып барган ата-энелердин кайрылуусунан улам ушундай чечим кабыл алынганын шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ата-энелердин талабы менен мүмкүнчүлүгү чектелген жана атайын көмөкчү билим алууну талап кылган балдар үчүн бала бакчалар менен мектептердин тарбиячылары, кызматкерлери коронавируска карата ПЧР анализ тапшырып, андан соң балдар менен иштөөгө өтүшү керек. Бирок ата-энелер баласы ооруп калса жоопкерчиликти өзү алып, беткап, санитардык каражаттар менен камсыз кылууга милдеттендирилет. Аталган окуу жайларынын кызматкерлери 14-декабрда ПЧР анализ тапшырышты. Анын жыйынтыгына карай окуу процесси оффлайн башталмакчы.

Кыргызстанда орто мектептер, бала бакчалар жана окуу жайлары март айында өлкөдө карантин жарыялангандан бери аралыктан билим берүүгө өткөн. Ноябрдын экинчи жарымында өлкө аймактарынын айрым мектептеринде оффлайн окуу башталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG