Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алды

Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде. 15-декабрь, 2020-жыл.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.

Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. Ал ага чейин алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) ири эсепте уткан эле.

Дагы бир кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 15-декабрда 68 килограммга чейинкилер арасында килемге чыгып, эки атаандашын утуп, финалга чыкты. Ал бүгүн, 16-декабрда финалда чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашат.

Жуманазаровадан сырткары бүгүн Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилди. Ага чейин алгачкы беттешинде болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алган эле.

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан мелдеш 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашты.

Күрөштүн аталган түрүнөн кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байге алышты. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг.) менен Калы Сулайманов (63 кг.) коло байгенин ээси болушту.

Дүйнө кубогунда намыс талашкан кыргыз кыздары

Балбан Айсулуу Тыныбекова 14-декабрда кыз-келиндер арасында 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
1/15 Балбан Айсулуу Тыныбекова 14-декабрда кыз-келиндер арасында 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Тыныбекова финалга чейин үч атаандашын - алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду, жарым финалда Любовь Овчарованы жеңди.
2/15 Тыныбекова финалга чейин үч атаандашын - алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду, жарым финалда Любовь Овчарованы жеңди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айсулуу Тыныбекова менен латвиялык балбан Анастасия Григорьеванын Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде күрөшүп жаткан учуру.
3/15  Айсулуу Тыныбекова менен латвиялык балбан Анастасия Григорьеванын Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде күрөшүп жаткан учуру.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айсулуу финалда мыкты күрөштү. Беттеш башталгандан тартып эле ыкма жасап, упай артынан упай алып жатты.
4/15 Айсулуу финалда мыкты күрөштү. Беттеш башталгандан тартып эле ыкма жасап, упай артынан упай алып жатты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айсулуу Тыныбекова менен Анастасия Григорьева.
5/15 Айсулуу Тыныбекова менен Анастасия Григорьева.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Финалдык беттештин бүтөөрүнө бир нече секунда калганда Айсулуу Тыныбекова атаандашы Анастасия Григорьеваны жерден дээрлик толук көтөрүп, далысы менен жерге чапты. Бул ыкмасы үчүн беш упай берилди.
6/15 Финалдык беттештин бүтөөрүнө бир нече секунда калганда Айсулуу Тыныбекова атаандашы Анастасия Григорьеваны жерден дээрлик толук көтөрүп, далысы менен жерге чапты. Бул ыкмасы үчүн беш упай берилди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Жыйынтыгында 14:0 эсеби менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медалдын ээси болду.
7/15 Жыйынтыгында 14:0 эсеби менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медалдын ээси болду.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Сүрөттө: Анастасия Григорьева Айсулуудан жеңилип калганына ыза болуп жатат.
8/15 Сүрөттө: Анастасия Григорьева Айсулуудан жеңилип калганына ыза болуп жатат.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айсулуу бул Дүйнө кубогунда төрт жолу беттеш өткөрүп, төрт атаандашын тең ири (10:0, 10:0, 13:2, 14:0) эсеп менен утту. Алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген.
9/15 Айсулуу бул Дүйнө кубогунда төрт жолу беттеш өткөрүп, төрт атаандашын тең ири (10:0, 10:0, 13:2, 14:0) эсеп менен утту. Алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунун алтын медалын тагынып турган учуру.
10/15 Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунун алтын медалын тагынып турган учуру.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Балбан Мээрим Жуманазарова 15-декабрда күрөшкө түшүп, эки атаандашын утуп, финалга чыкты.
11/15 Балбан Мээрим Жуманазарова 15-декабрда күрөшкө түшүп, эки атаандашын утуп, финалга чыкты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Мээрим Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Бережнаны утуп алды. Эми ал финалда чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашат.
12/15 Мээрим Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Бережнаны утуп алды. Эми ал финалда чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашат.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Дүйнө кубогунун коло байгеси үчүн күрөшөт.
13/15 76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Дүйнө кубогунун коло байгеси үчүн күрөшөт.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт
Айпери Медет кызы жарым финалда германиялык балбан Аллин Роттер Фокенге жеңилди.
14/15 Айпери Медет кызы жарым финалда германиялык балбан Аллин Роттер Фокенге жеңилди.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Толук көрсөт Кыскарт

Дүйнө кубогу Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеш 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты.

Буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшчү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алган. Күрөштүн ушул эле түрүнөн 13-декабрда Руслан Царев (72 кг.) менен Калы Сулайманов (63 кг.) мелдештин коло медалын тагынышты.

15/15

Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG