Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Дүйнө кубогунда намыс талашкан кыргыз кыздары

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуудан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Нураида Анаркулова да мелдешке катышты. 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Мээрим Жуманазарова мелдештин финалына чыкса, 76 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Нураида Анаркулова атаандашына жеңилип мелдештен четтеди. "Азаттык" Кыргызстандын намысын талашып жаткан балбан кыздардын сүрөтүн топтоду.

XS
SM
MD
LG