Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:32

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утуп алды


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды.

Финалдык беттеште Шаршенбеков орусиялык Степан Марянян менен күч сынашып, 4:4 эсеби менен жеңишке жетти.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын жеңди.

Жарым чейрек финалда Жоламан болгариялык Максим Каржайскиди 8:0, чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануну 8:0, жарым финалда түркиялык Ахмед Утрядды 5:1 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү чыкты.

Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмакта килемге чыкты. Руслан Царев коло медаль тагынды.

Ал эми Калы Сулайманов (63 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге үчүн күч сынашмакчы.

Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утуп, мелдештин финалына чыкты.

13-декабрда Руслан Царев (72 кг), Балбай Дордоков (55 кг) жана Калмурат Ибрагимов (67 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, Дордоков менен Ибрагимов жеңилди.

Ал эми Акжол Махмудов (77 кг), Кайратбек Түгөлбаев (82 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтешти. (GТ)

XS
SM
MD
LG