Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук териштирүү жылдырылды


Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. Сентябрь, 2020-жыл.
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. Сентябрь, 2020-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын кайтарып алуу тууралуу административдик соттун чечими 15-декабрда Бишкек шаардык сотунда каралышы керек эле. Бул күнү сот жараяны даттануучу Темирлан Ормуковдун ооруп калганына байланыштуу 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Ормуков өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы ырастады.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.

Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий деп баалаган. Көп өтпөй, Ормуков административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылган. 4-декабрда ал журналисттерге Текебаевдин мандаты апрель-май айларына чейин алынбай жүрө бериши мүмкүн экенин, административдик сот ишти «туура эмес караганын» билдирген жана кийинки сот анын чечимин жокко чыгарбай, өзгөртүшү керек деп талап кылган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG