Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Босния менен Герцеговинанын хорват жана мусулман жамааттарынын өкүлдөрү Лавров менен жолукпай койду


Босния жана Герцеговинанын президиумунун төрагасы Милорад Додик жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров. Белград, 15-декабрь 2020-жыл.
Босния жана Герцеговинанын президиумунун төрагасы Милорад Додик жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров. Белград, 15-декабрь 2020-жыл.

Босния жана Герцеговинанын президиумунда хорват жана мусулман жамааттарынын өкүлдөрү болгон Желько Комшич жана Шефик Жаферович орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууга баруудан баш тартышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» Балкан редакциясы кабарлады. Саясатчылар муну Лавровдун Дэйтон келишими тууралуу айткан сөздөрү, президиумдун төрагасы Милорад Додик менен кездешүүдө Босния менен Герцеговинанын желеги коюлбаганы менен түшүндүрүштү.

Мындан мурдарак Лавров Орусия Дэйтон келишимдеринин архитектурасын бузуу аракеттирин көрүп жатканын айткан. Башкы дипломат ошондой эле Босния жана Герцеговина боюнча Жогорку башкармалыкты жоюуну жактай турганын, өлкө курамындагы Серб Республикасына инвестициялар жумшаларын билдирген. Додик менен жолугушууда Серб Республикасынын гана желеги коюлган.

1995-жылы Босниядагы согушка чекит койгон Дэйтон келишимдеринин негизинде кабыл алынган Конституцияга ылайык, өлкөнү үч жамааттын өкүлдөрү – хорват, мусулман жана сербден куралган президиум башкарат.

Додик хорват-мусулман федерациясынан бөлүнүп чыгууга үндөп келгени, Кремлге жакындыгы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG