Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын тургундары айланма жолду буушту (видео)


Ак-Жар конушу. 2020-жылдын 15-декабры.
Ак-Жар конушу. 2020-жылдын 15-декабры.

Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары бүгүн, 15-декабрда кечке жуук айланма жолду буушту. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда. Социалдык тармактарга тараган тасмаларда алар 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышкандыктан ушундай кадамга барышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат.

Жол тоскондор автомобил дөңгөлөктөрүн өрттөп, машинелерди өткөрбөй турушканы кабарланды. Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук акимчилигинин жетекчилери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылып жатышканын милиция маалымдады. Милициянын отту өчүрүү аракети учурунда бир аз пикир келишпестиктер болгону кабарланды.

Аламүдүн районунун акими чогулгандарды тарап, жолду ачууга чакырды. Бирок жаңы конуштуктар анын сөзүнө көнбөй, көйгөйү чечилмейинче таркабай турганын айтышууда.

Бишкектин түндүгүндөгү Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштары 2005-жылы жерлерди жапырт басып алуудан кийин пайда болгон. Жаңы конуштар жайгашкан жер Чүйдүн Аламүдүн районуна карайт. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы конуштагы айрым үйлөрдүн «кызыл китеби» жок.

Бишкектеги Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз деген 6382 жер участогу аныкталып, 3,5 миңден ашуун үй мыйзамсыз, кооптуу жайларда курулган деп табылган. Бул үйлөрдү түрттүрүү, коопсуз жактарга көчүрүү же болбосо мыйзамдаштырып берүү маселеси чечиле элек экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG