Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Түркмөнстанда имамдар менен аксакалдар беткап боюнча талаптын аткарылышын көзөмөлдөйт


Ашхабад өз өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин расмий бышыктай элек.

Түркмөнстанда мындан ары диний ишмерлер менен аксакалдар беткаптын пайдасын коомчулукка жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мындай талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерге тартылат. Ушул айдын башында расмий Ашхабад беткап боюнча эреженин сакталышына көзөмөлдү күчөткөн. Анда бул милдет полиция кызматкерлерине, аткаминерлерге жана мугалимдерге жүктөлгөн.

Соңку чараларга ылайык, мечиттердин баары эмдиги жылдын март айына чейин жабык болот. Үйлөнүү үлпөтүнө, аш-тойго келгендердин саны 20 адамдан ашпашы керек жана баары беткап тагынууга милдеттүү.

Ушул жылдын август айынан тартып өлкөдө коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу башталган. Бийлик анда оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.

Түркмөн ооруканалары пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан.

Бирок Ашхабад өз өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин расмий бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG