Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Түркмөнстанда коронавирус күчөдү


Жүргүнчүлөр. Ашхабад. 2020-жыл.
Жүргүнчүлөр. Ашхабад. 2020-жыл.

Түркмөнстанда коронавирустун жайылышынан улам абал оорлошуп баратканы кабарланууда. 1-ноябрдан тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөшү мүмкүн деген кабарлардан кийин кырдаал ого бетер чыңалды.

Көз каранды эмес маалымат каражаттарынын COVID-19 менен байланышкан оорулардын жана өлүм-житимдин көбөйүшү жөнүндө көптөгөн маалыматтарына карабастан, түркмөн бийлиги «өлкөдө коронавирус таптакыр жок» деп расмий маалымат таратууну улантып жатат.

Маалыматтарга караганда, түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн жасалчу иштерди олуттуу түрдө күчөтүүнү карап жатат. Дашогуз облусундагы аялдар колониясында өпкөсү кагынгандар көбөйдү. Маалымат каражаттары колониядагы 500 аялга коронавирус диагнозу коюлганын кабарлашкан.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары 27-октябрда Ашхабаддын кээ бир аймактарында коронавирус жугузуп алгандар көбөйгөнүн жазышты. Алар кырдаал өзгөчө акыркы эки жумада күчөгөнүн кабарлашууда.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, өткөн жекшембиде түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышын чектөө чараларын олуттуу түрдө күчөтүп жатканын жарыялаган. Ошондой эле өкмөт өзгөчө ички аба каттамдарын токтотуу, аймактар арасында жол кыймылын чектөөнү, айрыкча Ашхабадга башка аймактардан кирүүгө тыюу салууну карап жатканы айтылат.

Той-топур, жаназа жана эскерүү сыяктуу иш-чараларга толук тыюу салына турган болду.

Ошону менен бирге Түркмөнстанда беткап режими, темир жол кыймылын толугу менен токтотуу жана өлкөнүн аймак аралык транспорт байланышын кескин чектөө сыяктуу карантиндик иш-чаралар дагы эле күчүндө.

Расмий Ашхабад мурдараак 15-октябрга чейин каралган бул чектөөлөр 15-ноябрга чейин узартылганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG