Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

ИИМ тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстанда күч түзүмдөрү жалпысынан каттоого алган 103 миңден ашуун кылмыштын жана жоруктун дээрлик 99 миңин милиция органдары каттаган. Бул тууралуу 28-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коллегиясынын жыйынында айтылды. Жыйында ички иштер органдарынын жыл башынан берки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, тогуз ай ичинде 23 миңге жакын кылмыштын бети ачылып, бул көрсөткүч дээрлик 57% жетти. Бети ачылган иштердин 16 миңге жакыны сотко өттү.

Министр Улан Ниязбеков өз сөзүндө быйылкы жылы кыргыз милициясы өлкө туш болгон саясий окуялардын, өзгөчө абал жана кырдаал режимдерин шарттаган коронавирус эпидемиясынын оор жана татаал шартында иштеп жатканын белгиледи. Ошого карабастан кылмыштуулуктун алдын алуу, сотко чейинки териштирүүнү өз убагында жүргүзүү ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурабаганын кошумчалады.

Коллегиянын онлайн режимде өткөн жыйынына министрдин орун басарлары, башкы жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Ыкчам кызматтык ишмердүүлүктөн тышкары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, айыппул төлөө маселелери талкууланды. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ички кызматтык тартипти бекемдөө, жеке курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу чаралары тууралуу сөз болду.

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи бөлүгү Кыргызстанда 2019-жылдын февраль айында башталып, «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

Көзөмөл камера-комплекси орнотулган аймактарда кырсыктар азайганы байкалганы менен камералар жок жерде, чоң трассаларда жол кырсыктары азайган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG