Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

«Шамбала» тасмасы Калькуттадагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт


Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.
Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индиянын Калькутта шаарында өтө турган («Kolkata International Film Festival») эл аралык кино фестивалына катышат.

Фестиваль 5-12-ноябрь күндөрү өтөт. Калькутта кино фестивалы Индиядагы эң эски фестивалдардын бири болуп эсептелет.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы буга чейин Орусиянын Анапа шаарындагы «Киношок» фестивалында эки сыйлык алган.

Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фондунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, көркөм образды мыкты жеткиргендиги үчүн Шамбаланын ролун аткарган актер Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланды. Композитор Мурзали Жээнбаевге сыйлык мыкты музыка үчүн ыйгарылды.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында быйыл тартылган.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Тасманы койгон режиссер жана сценарийдин автору Сүйүндүков сценарийин көптөн бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын 2018-жылы «Азаттыктагы» маегинде билдирген.

«Ак кеме» чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев тарткан. (AiN/ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG