Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

«Шамбала» тасмасы Орусияда өткөн фестивалда эки сыйлык алды


Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.
Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок» кинофестивалында эки сыйлык алды.

Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фондунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, көркөм образды мыкты жеткиргендиги үчүн Шамбаланын ролун аткарган актер Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланды, композитор Мурзали Жээнбаевге сыйлык мыкты музыкасы үчүн ыйгарылды.

«Киношок» фестивалы быйыл 17-23-октябрь күндөрү өттү. 1992-жылы негизделген фестиваль көрүүчүлөрдү жана сынчыларды Литвада, Латвияда, Эстонияда жана КМШ мамлекеттеринде тартылган тасмалар менен тааныштыруу максатында өткөрүлүп келет.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында быйыл тартылып бүттү. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Тасманы койгон режиссер жана сценарийдин автору Сүйүндүков сценарийин көптөн бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын 2018-жылы «Азаттыктагы»​ маегинде билдирген.

«Ак кеме» чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG