Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Кыргызстандын «Шамбала» фильми да Шанхай кинофестивалына тандалып алынды


Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.
Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильминин постери.

Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» (2020) фильми да Шанхай шаарындагы эл аралык кинофестивалдын 23-айлампасы үчүн тандалып алынды. Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова кабарлады.

Кыргыз тасмасынын ачылышы «Spectrum-Alternatives» программасынын алкагында фестивалдын биринчи күнү өтөт жана үч күн коюлат.

Быйыл 25-июлдан 2-августка чейин өтө труган Шанхай фестивалы дүйнөдөгү «А» классындагы 15 кинофестивалдын тизмесинде Берлин жана Канндан кийинки үчүнчү орунду ээлейт.

Мурдараак Шанхай эл аралык кинофестивалына кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин «Көл» тасмасы да тандалып алынган эле. Бул фильм иш-чаранын «Азиянын жаңы таланттары» сынагында көрсөтүлөт.

«Шамбала» тасмасы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» («Жомоктон кийин») повестинин негизинде тартылган экинчи тасма. Сүйүндүков бул тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын 2018-жылы «Азаттык»​ менен болгон маегинде билдирген.

«Ак кеме» чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан. (ErN)

Сүйүндүков: "Шамбалага" Айтматов батасын берген
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:32 0:00

XS
SM
MD
LG