Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

«Көл» тасмасы Шанхай кинофестивалына тандалып алынды


Кыргызстандын «Көл» тасмасы Кытайдагы «Shangai IFF» эл аралык Шанхай кинофестивалынын «Азиянын жаңы таланттары» сынагында көрсөтүү үчүн тандалып алынды. Бул тууралуу 3-июлда Кинематография департаменти кабарлады.

Толук метраждуу көркөм тасманын продюсери Эрке Жумакматованын айтымында, бул - «болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик жана кыргыз киносу үчүн тарыхый окуя».

Маалыматка караганда, режиссер Эмил Атагелдиев үчүн дебют болгон бул фильм Ысык-Көлдүн керемет пейзажында тартылган жана адамдын өз жолун эркин тандоого карай умтулуусун баяндайт.

«11 жаштагы Жылдыздын атасы Аскат жана айылдагы тарых мугалими Темиркул - Ысык-Көлдүн боюндагы кичинекей бир айылда жашаган кошуналар, - деп түшүндүрдү ал. - Жаш кезинде эле жалгыз кызын жоготуп, абдан кейиген карыя мугалим Жылдызга өз кызындай мамиле кылат. Жылдыз - эч ким менен сүйлөшпөгөн, дос да күтпөгөн тартынчаак кыз. Ал атасы балык кармаганына каршы болуп келет. Себеби, Темиркул атасы ага кыргыздар илгертен балык жебей, өлгөн кишинин арбагы балык болуп ыйык Ысык-Көлгө сүзүп кетерине ишенип келишкенин көп айтчу. Бул уламыштан улам Жылдыз да Темиркул карыя сыяктуу балык жебейт. Бирок мындай көрүнүш күнүмдүк оокатын балык менен өткөргөн, курсагын да көбүнчө балык менен тойгузган Жылдыздын ата-энесине жакпай келет».

Тасманы «Оймо» студиясы Кыргызстандын Кинематография департаментинин колдоосу жана «Айтыш фильм» киностудиясы менен бирге тарткан.

Ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы жана Санжар Өмүрбаев ойношкон.

Быйыл 25-июлдан 2-августка чейин өтө труган Шанхай фестивалы дүйнөдөгү «А» классындагы 15 кинофестивалдын тизмесинде Берлин жана Канндан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG