Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

«Facebook», «Twitter» жана «Google» компанияларынын жетекчилери Сенатка чакырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Facebook», «Twitter» жана «Google» компанияларынын жетекчилери 28-октябрда АКШ Сенатынын комитетинин жыйынында маалымат берет.

Америкалык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү жыйынга Республикалык партиянын мүчөлөрүнүн демилгеси менен чакырылган. Бул партиялардын өкүлдөрү технологиялык компанияларга таандык маалыматтык платформаларда консервативдик көз караштагы маалыматтар чектелип жатат деп эсептешет.

Алардын нааразылыгын өткөн аптада «The News York Times» басылмасы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болгон Жо Байдендин уулуна байланыштуу макаладагы маалыматтарды «Facebook» жана «Тwitter» чектегени тууралуу күмөн ойлор айтылган соң күчөдү. Анда социалдык тармактар өз кадамын макалада шектүү маалыматтар бар экени менен түшүндүргөн.

Президент Дональд Трамп социалдык тармактарды «бул маалыматты жашырууга аракет кылып жатат» деп сындап чыккан.

Сенаттын комитетинин угуусунда социалдык түйүндөрдө жарыяланган маалыматтарды укуктук жактан коргоо боюнча сунуштар талкууланышы мүмкүн.

Буга чейин алдыңкы Интернет компанияларынын жетекчилери Өкүлдөр Палатасынын жыйына чакырылган болчу.

XS
SM
MD
LG