Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

COVID-19: Түркмөнстанда айрым дарыгерлер өз каалоосу менен жумуштан кетүүдө


Түркмөнстандык медайым иш учурунда. Март, 2020-жыл.
Түркмөнстандык медайым иш учурунда. Март, 2020-жыл.

Расмий түрдө коронавирус тууралуу айтылбаган Түркмөнстанда дарыгерлердин COVID-19 инфекциясын жугузуп алуу коркунучу катуу болуп турат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустун белгилери менен ооруканаларга жаткан медицина кызматкерлери көбөйгөн. Алардын арасында өз каалоосу менен жумуштан кеткендер да кездешет.

«Көп багыттуу ооруканада коронавирустун белгилери байкалган медайымдар менен дарыгерлер көбөйдү. Азыр оорукананын 62 жаштагы хирургу оор абалда жатат. Анын уулу менен кызы да ооруканада. Мындай абалга тынчсызданган айрым дарыгерлер, медайымдар жана санитарлар жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып жатышат», - деди Түркмөнабад шаарындагы ооруканалардын биринин кызматкери.

Оор шарттарда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине айлыгы да өз учурунда берилбей жатканы айтылууда.

«Лебаптагы көп багыттуу оорукананын бюджети бейтаптардын санына жараша куралат. Азыркы абалга байланыштуу ал карантиндик аймакка айлангандыктан, киреше түшпөй калды, өкмөт тараптан да колдоо жок. Кызматкерлердин маянасын төлөгөнгө акча жок болуп жатат», - деди дарыгерлердин бири.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуккан бир да учур жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG