Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Дыйкан - Кара-Кече жолу көчкүдөн тазаланып жатат


Көчкү түшкөн жер.

Транспорт жана жол министрлиги таш түшүп, жабылган Дыйкан - Кара-Кече автоунаа жолунун 37-чакырымын тазалап жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 14-сентябрда саат 12:00 чамасында кулаган көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, жолду жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жалпы көлөмү 900 миң метр кубга жакын кыртыш жылып, жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөнүн кабарлады.

Эч ким жабыркаган жок. Аталган тилкеге атайын эскертүүчү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кооптуу абалга байланыштуу Дыйкан - Кара-Кече каттамы убактылуу жабылды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кечедеги кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык болуп, жети жумушчу каза тапкан, 13 жумушчу оор жараат алган.

2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапты жана үчөө оор жараат алды. 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада төрт киши газга ууланып каза болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG