Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Чечен муфтийи оппозициялык жаш активисттин кордолгонун кубаттады


Салах Межиев менен Рамзан Кадыров.
Салах Межиев менен Рамзан Кадыров.

Чеченстандын муфтийи Салах Межиев ушул тушта Британияда качып жүргөн чечен оппозициячыл саясатчысы Ахмед Закаевге «Инстаграмдан» видео аркылуу кайрылды. Анда ал оппозициялык «Телеграм» каналдын модератору, 19 жаштагы Салман Тепсуркаевди кордогон адамдардын иш-аракетин кубаттаган.

Межиев ошондой эле бул оппозициялык «Телеграм» каналдын модератору экенин айткан Ахмед Закаевди эртеби-кечпи табышарын айтып опузалаган.

Өткөн аптада Закаев анын Чеченстанда жашаган төрт бир тууганын кармап, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген. Буга анын оппозициялык «Телеграм» каналды колдогондугу негиз болгонун айткан.

8-сентябрда чеченстандык диссидент видео кайрылуу жаздырып, чечен полициясын жана Рамзан Кадыровду сындаган жаш активисттин кыйноого туш болуп, ыдык көрүшүн айыптаган.

Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов Закаев видеодогу «сөзү үчүн жооп берерин» эскерткен.

61 жаштагы Закаев Чеченстандын жикчил өкмөтүндө маданият министри, вице-премьер, премьер-министр жана тышкы иштер министри болгон.

2002-жылы Лондонго бозгунга кеткен саясатчы Орусияда терроризмге байланыштуу айыпталып, издөөдө жүрөт. Ал өзү дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG